(Кыргыз) Шахида Аманбаева уулдуу болду

Извините, эта статья доступна только на Кыргыз For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Үч жарым жыл сот чечимин күтүп, тергөө абагында отуруп чыккан Шахида Аманбаева уулдуу болду. Жаш эненин эркиндикке чыгышына салым кошкон укук коргоочулар “неберелүү” болгонуна кубанып турган чагы. 

Айжамал, Истанбекова, Азаттык үнү, Бишкек

Шахида Аманбева 2010-жылы адам өлтүрүүгө катыштыгы бар делип кармалган эле. Үч жылдан ашык убакыт сот өкүмүн күткөн кыз 2014-жылы СИЗОдон жарым жан болуп чыккан. Боштондукка чыгаары менен саламаттыгына карап, реабилитациядан өткөн Шахида 4-июнда уулдуу болгонун “Кылым шамы” укук коргоо борборуна сүйүнчүлөдү.

5-июнда “Кылым шамы” борборунун башчысы Азиза Абдирасулова, “Борбор Азиянын азаттык үнү” аймактык укук коргоо порталынын баш редактору Абдумомун Мамараимов Чүй облустук төрөт үйүнүнө барып, эне-баладан кабар алып келишти.

Шахида уулу 2,5 кг салмакта төрөлгөнүн айтып, ымыркайдын да, өзүнүн да саламаттыгы жакшы экенин билдирди. Бирок келген меймандар төрөт үйүндөгү шарттын начардыгына күбө болушту. Шахида жана бир канча аял мурдагы жыйындар өтүүчү залда жатышыптыр. Атайын бөлмөгө ылайыкташканы менен керебет жетпей калган энелер балдары менен жерге салынган төшөнчүлөрдө орун алышкан.

Бирок төрөт үйдүн шарты, Шахиданын башынан өткөргөн оор тагдыры унутулуп, келгендер жаш эненин кубанычына ортоктош болуп турду.

“Шахиданын тагдыры көпчүлүк кыргызстандыктардын эсинде. Убактылуу кармоо жайынан чыкканда ал сүйлөй да алчу эмес.  Бүгүн биз Шахиданын ден-соолугу калыбына келип жатканын жана анын сүйүктүү жубайы, кичинекей наристеси бар экенин көрүп турабыз.  Бул өтө жагымдуу. Биздин эле борбор эмес, Кыйноолорго каршы улуттук борбор, ММК кызматкерли, кайдыгер болбогон адамдар дагы бир инсандын тагдырын сактап калдык. Мээнетибиздин ушундай натыйжасынан ырахат алабыз”,-дейт Абдирасулова.

 “Неберелүү болушуңуз менен!” деген кутуктоолорго Азиза айым токтоо гана “бул ымыркай жалпы “Кылым шамы” борборунун” небереси деп жооп берип жатты.

Эскерте салсак, Шахида Аманбаева 2010-жылы Токмок шаарында адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген айыптоо менен убактылуу кармоочу жайга алынып келинген. Шектүү мында 3 жылдан ашык сот өкүмүн күтүп отурду. Бул убакыт ичинде Шахиданын ден-соолугу начарлап, өз алдынча баса албай, жада калса, сүйлөй албай калган.

2014-жылдын 29-майында сот Аманбаеваны адам өлтүрүү фактысын жаап-жашырган деген айып менен 4 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Ошол эле учурда сот Шахиданын убактылуу кармоочу жайда өткөргөн бир күнүн үч күнгө эсептеп, сот залынан туура эле боштондукка чыгарууга чечимин берген.

3,5 жыл аралыгында кыйноолордон улам саламаттыгы начарлаган Шахида Аманбаева азаттыккка чыгаары менен реабилитациялык курстан өтүп, өзүн жакшы сезе баштаган.

Наристесине улам үңүлүп жаткан Шахиданын көзүнөн энелик зор бакытты, анын бала жытына тойбой турганын байкоого болот. Уулун аман-эсен чоңойтсом деген эне келчекте бир кесиптин ээси болуш үчун окуу жайга тапшыраарын билдирди.

Айжамал Истанбекова, Азаттык үнү, Бишкек

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=24336

Поделиться ссылкой: