Айылдыктар менчикке өткөн оорукана аймагын артка кайтарууну талап кылууда

Мурдагы баш дарыгер ооруканын бир бөлүгүн өз менчигине өткөргөн. Айыл тургундары мамлекеттин мүлкү кайтарылышы керек деп эсептейт.

Адина Досумбетова, Азаттык үнү, Ош

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы оорукана бир гектардан ашык аянтты ээлейт. Мында он чакты имарат жайгашкан. Анын бири – тиш дарылоо бөлүмү 1985-жылы ашар жолу менен тургузулган. Беш сотых тилкени ээлеген бул социалдык мекеме учурда талашка түштү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында оорукананын мурдагы башкы дарыгери Авазхан Ташпулатов имаратты жери менен 2008-жылы менчиктештирип алган. Ал кезде жетекчи айылдык кеңештин депутаты да болуп турган.

“Ташпулатов мурунку айыл өкмөттөн уруксат алып, мыйзамдуу түрдө кызыл китепчеге ээ болгон”,-дешет нааразы тургундар. Алар айылдык кеңеш депутаттары менен чогуу имаратты кайрадан оорукана балансына өткөрүү боюнча жергиликтүү бийликке кайрылышкан.

Оорукананын талашка түшкөн бөлүгү

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында айылдык ооруканага караштуу жети имараттын бешөөсүн Авазхан Ташпулатов жеке ишкер катары ижарага алган. 2009-жылы тиш дарылоо бөлүмү мурдагы бийлик тарабынан менчикке кеткен.

“2008-жылы айыл өкмөт болуп турган Кабылжан Алимов тарабынан документтештирилип кеткен экен. Бирок социалдык объекти сатылбашы керек эле. Азыр менин орун басарым бул маселени карап жатат, ишти сотко өткөрүп беребиз. Соттун чечими менен гана туура же туура эмес экенин айта алам. Анткени Ташпулатовдун колунда кызыл китеп бар”,- деди Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров.

Анткен менен жашоочулар Ташпулатовдун колундагы документ жасалма болушу мүмкүн деп болжолдойт. Анткени кагазда оорукананын талашка түшкөн бул бөлүгү мурда турак-жай болгон деп көрсөтүлөт.

“Бул жерде биз билгенден эч качан үй болгон эмес. Элдин мүлкү кайтарылып, балдарыбыз үчүн кызмат кылышын талап кылабыз”,-дейт Дильмурат Рахманов.

Жерди кайтарууга айыл аксакалдары президенттен жардам сурайт

Айылдык оорукана жайгашкан бул жердин тарыхын жергиликтүү аксакал Максытали Мансуров жакшы билет. Анткени анын атасы Пайзулло 50-жылдары бир гектардан ашык тилкени колхозго өткөрүп берген. арадан он беш жыл өткөндө, 1965-жылы аймакка оорукана салынган.

“Азыр бул жер мамлекеттин менчиги, бирок баштапкы жер ээси биздин үй-бүлө болуп калат. Андыктан, мен жер кемибей, кийинки муунга өтүшүн талап кылам, президенттен жардам сурайм”,-дейт 82 жаштагы аксакал.

Талаштуу тилке имараты менен Авазбек Ташпулатовдун кызы Хилола Ташпулатованын атына катталган. Мурдагы башкы дарыгер азыр да айылдык бейтапканада эмгектенет. Аны менен байланышканыбызда, район борборунда дарыланып жүргөнүн айтып, баарлашуудан баш тартты.

Айыл эли менен жеке ишкер ортосундагы бул талаштуу маселе эми сотто териштирилет.

Адина Досумбетова, Азаттык үнү, Ош

Макаланын дареги:  http://golos.kg/?p=25606

Шилтемени бөлүшүү: