(Кыргыз) Тойгонбай Джаанбаев: «Кыйноо фактысы дале болуп жатат, менимче, ал көпкө чейин сакталат»

Извините, эта статья доступна только на Кыргыз For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Соттук реформаны аягына чыгаруу үчүн  мамлекет конституциялык реформага барууга мажбур болууда

Кыргызстандагы акыйкатчы (омбудсмен) институтунун Нарын облусундагы ѳкүлү Тойгонбай Джаанбаев калктын кайрылуулары, укук бузуулар жана  соттук реформа тууралуу айтып берди.

— Акыйкатчыга эл эмне маселелер менен кайрылып жатат?

— Акыркы 2-3 жылдын ичинде бизге кайрылгандардын үчтөн бири тергөө иштерине, күч түзүмдөрүнө байланыштуу. Себеби, тергөөнүн жүрүшүндө кээде мыйзам сакталбай, кемчиликтер кетет, бир тарабы нааразы болот. Жеке эле милиция эмес, прокуратурага, сотко, соттун жүрүшүнө да нааразы болушат. Биз түшүндүрүп айтышыбыз керек, тергөө иши – бул кылмыш-жаза, процессуалдык кодекстин негизинде ишке ашырылат. Мындай учурда акыйкатчы институту тергөөнүн жүрүшүнө кийлигишпейт. Бирок, элдин көпчүлүгү түшүнбөй,  бизге кайрылышат. Биз мындай  жагдайда алгачкы юридикалык кеңештерди берип, сөзсүз адвокаттардын жардамы менен иштөөсүн сунуш кылабыз. Эгерде кыйноого байланыштуу фактылар болсо, кийлигише алабыз, ошондо да тергөөнүн жүрүшүнө эмес, кыйноо фактысы боюнча гана.

О.э. сотко катышып берүү боюнча да кайрылышат. Быйыл бизге 77 арыз түштү. Анын 35и соттук процесстерге мониторинг өткөрүү боюнча.  Бул эмнени билдирет? Сот системасы коррупцияланган система.  Бул өкмөттүн, президенттин, жогорку кеңештин деңгээлинде айтылган маселе. Элдин сотторго болгон ишеними төмөн бойдон калды.  Ошондуктан, эл акыйкатчыга келип, жок дегенде соттун жүрүшүндө алардын укуктарын коргош үчүн кайрылышат. Биз  мониторинг гана кылабыз.  Соттун жүрүшү процессуалдык норманын чегинде, тараптардын укуктары сакталуу менен өтүшүнө көзөмөл кылабыз.

— Соттун жүрүшүндө ошол процессуалдык нормалар сакталабы?

— Негизинен, соттук процессуалдык нормалар сакталат. Мисалы, күбөгө учурунда сөз берүү, күбөнүн сөзүн бөлбөө, айыпкерге «сиз» деп кайрылуу, тилмеч менен камсыз кылуу ж.б. Процессулдык норманы сактоо бул бир, ал эми өкүм чыгаруу башка жагдай. Биз мыйзам боюнча соттук  чечимдердин кабыл алынышына кийлигишпейбиз. Биринчи инстанцияда да, экинчи инстанцияда да. Бирок, облустук сотто каралып, күчүнө киргенден кийин бизге кайрылса, соттук материалдар менен таанышып, соттун өкүмү мыйзамга негизделген же негизделбеган деп корутунду чыгарып бере алабыз. Бирок, тилекке каршы, кылмыш-процессуалдык кодекске ушул жагдайдар камтылбай калган. Акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамда  бул камтылып, «акыйкатчы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларына укуктук жактан корутунду бере алат» деп жазылган. Ушундай эле жагдайды Кылмыш-процессуалдык кодекске (КПК) киргизип коюш керек болчу. Бирок, тилекке каршы, эч ким киргизгиси келбейт, өзгөчө КПКнын авторлору. Себеби, акыйкатчынын кандайдыр бир процессуалдык деңгээлде укугу пайда болуп калышына алар кызыкдар эмес. Сотко эч ким, президент да, жогорку кеңеш да, акыйкатчы да, өкмөт да  таасир кылбашы керек. Сот көз карандысыз болушу — негизги аксиома. Бирок, учурдагы сот системасындагы коррупциялык схемаларды, Кыргызстандагы коррупциялык системаны эске алганда, бул өткөөл мезгилде, акыйкатчы соттук процесстерге мониторинг жүргүзүп жаткандан кийин, кандайдыр бир деңгээлде бизди КПКга киргизип койсо, «соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларына карата кандайдыр бир деңгээлде баа берет» деген, анда жакшы болмок. Азыр бул чийки мыйзамдар болуп жатат.

— Сот реформаларынын жыйынтыктары болуп жатабы? Биздин соттор канчалык көз карандысыз?  

— Менин жеке пикиримде,  Жогорку Соттун аты болгону менен, заты жок. Сот системасындагы реформа Конституциялык деңгээлде болмоюнча, жүрүшү оор болуп калды. Муну жогорку бийлик да моюнга алып, соттук реформаны аягына чыгаруу үчүн Конституцияны өзгөртүү керек деген пикирге келишип, айласыздан ушуга барып жатышат. Сот реформасы буга чейин формалдуу эле болуп келген. Себеби, Конституцияда сотторго көп укуктар берилип, бирок, милдеттери, жоопкерчилиги каралбай калган.  Ошону менен соттор мыйзамдан тышкары болуп калган. Сотторду соттогонго болбойт экен. Соттук реформаны аягына чыгаруу үчүн  конституциялык реформага барууга биздин мамлекет мажбур болууда.

— Нарын облусунда кыйноолорго байланыштуу арыз-даттануулар барбы?

— Нарын шаарында акыйкатчынын өкүлү болгонума үч жыл болду. 2014-жылы кыйноого байланыштуу 14 арыз бар болчу. 2015-жылы 4 эле арыз түштү. Быйыл болсо, кыйноого байланыштуу, милиция органдары тарабынан кыйноого алуу фактысы боюнча арыз түшкөн жок. Бирок, бул – кыйноо фактысы жоюлду дегенди деле билдирбейт. Кыйноо фактысы дале болуп жатат, менимче, ал көпкө чейин сакталат го деп ойлойм. Бирок, акыркы 2 жылда мамлекет өзү көңүл буруп бул проблемага, өкмөттүн атайын токтому чыгып, ИИМдин деңгээлинде , өкмөттүн деңгээлинде бул маселе каралып жатканы, менимче, иш жыла баштаганы. Эл да, күч органдарынын кызматкерлери  да, кыйноонун туура эмес  экенин түшүнө баштады. Нарындын шартында кыйноо  учурларынын азайышынын бир себеби ошол деп ойлойм.

— Элдин кайрылууларынын үчтөн бири тергөө иштерине, күч түзүмдөрүнө байланышкан иштер дедиңиз,  акыйкатчыга дагы кандай маселелер менен кайрылышат?

— Турак-жайга байланыштуу, аялдардын укуктары, пенсия, жөлөк пул маселелери боюнча көп кайрылышат. Байкасам, көпчүлүк учурда документтери толук болбой калат, албетте, социалдык өнүгүү башкармалыгы жөлөк пулду берүүнү чектеп коет. Маселен, бүгүн эле бирөө кайрылды: соттун чечими менен  камкорчу \опекун\ аныкталышы керек экен. Биз түшүндүрүп айттык, эгер соттун чечиминен кийин акчаны кесип койсо, бизге келесиз дедик. Мурда башаламан болчу, мисалы, мүмкүнчүлүгү чектелген адамды багып жатам деп туугандары деле, коңшусу деле жѳлѳк пулду  алган учурлар болгон. Акыркы эки жылда социалдык өнүгүү министрлиги туура жолго түшүп, соттун чечими менен дайындалган камкорчуга гана акчаны берип жатат.

О.э. жумушка алуу жана жумуштан бошотуу учурунда укук бузуулар болуп жатат. Бизде жумушсуздук күч. Көпчүлүк кызматтагылар, өзгөчө жарандык мекемелерде иштегендер, мектеп, бала бакча, ж.б. жөнөкөй мекемелер мекемени менчигиндей пайдаланышат. Себеби, жумушка алуу-бошотуу жетекчинин жеке укугундай белгиленип калат. А жетекчи болсо, эптеп кыйкым таап, жакпаган кишини бошотуп жиберет. Мындайда далилдеш оор.  Айрыкча граждандык мекемелерде ушул маселе бар. Бирок, бул айтылбай, коомчулук буга көп көңүл бурбай жатат азырынча.

— Бул болсо жергиликтүү мамлекеттик органдардын ишинин мүчүлүштүгү эмеспи?

— Туура, мыйзам боюнча мамлекеттик органдар элге кызмат кылышы керек. Бирок, биз коррупциясы өнүккөн өлкөдө жашап жатабыз. Ар бир мамлекеттик кызмат орду Акаевдин, Бакиевдин тушунда да сатылчу. Бардык кызматтагылар өң тааныш менен келип алышкан. Сөздүн аныгын айтканда, жөнөкөй кароолдон баштап, кызматкерлердин баары коррупциялык схема менен келишет. Ал эми пара менен жумушка кирген адам кетирген чыгымынын ордун жабуунун аракетинде болот. Акыркы эки жылда коррупция менен күрөшүү башталды. Жогору жактан башталды, ишке ашууга убакыт керек деп ойлойм.

— Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн ишинин натыйжасы кандай болуп жатат?

Ай сайын, кварталына бир жолу, жарым жылда жана жылына региондордогу маалыматтар боюнча акыйкатчыга отчет берип турабыз.  Бүгүнкү күнгө карата акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсү менен эки милиция кызматкерине сөгүш берилди, эки кылмыш ишин козготууга жардам бердик. Андан башка үй-бүлөлүк зомбулук боюнча үч убакылуу коргоо ордерин алып бердик, эки баланы мектепте окуусу үчүн укуктарын коргой алдык. Жумуштан кетирүү боюнча кытайлык жол куруу компанияда иштеген 6 жаран арыз менен кайрылган. Алардын 2өө биздин кийлигишүүбүз менен жумушуна кайра кайтып келишти, 4өө кетип калды. Чет өлкөлүк ишканада иштеген кыргыз жарандарынын укуктары азыраак корголот экен. Мыйзам боюнча, өкмөт келишим түзгөндө инвесторлорго көп укуктарды берип коет экен. Мен билем, «China Rout» компаниясында көпчүлүгүнө эмгек келишими түзүлбөйт. Мезгилдүү жумушка тартылгандар оозеки  сүйлөшүү менен эле жумушка алынат.

Биз сунуш менен чыгалы деп жатабыз, чет өлкөлүк ишканалардагы иштеген кыргыз жарандарынын эмгектик укуктары корголушу үчүн биздин Эмгек кодексинин негизинде иш алып барылсын деген талапты коюу керек. Сөзсүз өкмөт буга басым жасашы керек. Акыйкатчыга бул тууралуу өз пикиримди айттым. Бул боюнча биз Жогорку кеңешке маселе коелу деген оюбуз бар.

Маектешкен Гүлзат Газиева, Азаттык үнү, Нарын

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=32729

Поделиться ссылкой:

Мы в соцсетях


Подписаться на новости


Последние новости