Баткен: Этникалык кыргыздардын укуктары аткарылбай жатат

Тажикстан жана Өзбекстандан биротоле көчүп келген этникалык кыргыздар аларга атайын каралган мамгарантияларга карабастан10-15 жылдап кыргыз жарандыгын ала албай, мамлекеттин жардамына арзый албай жатышат. Автор: Жеңиш Айдаров, Баткен, CABAR.asia. Бул макала IWPRдын Журналисттик иликтөөлөр бюросунун долбоорунун алкагында даярдалды.

Жыйырма жылдай мурда Кызыл-Кыя шаарына Тажикстандын Мургабынан көчүп  келген этникалык кыргыздардын абалы колдоого муктаж болуп турат. Антпесе жарандыгы же каттосу жок болгондуктан жумушка орношо албай же мамлекеттик колдоолорду алалбай кыйналып турушат.

Абалдын оорлугунан четтен келген Кызыл-Кыя шаарындагы этникалык кыргыздар өлкө башчысына тартып Жогорку Кеңешке дегеле колу жеткен жердин баарына арызданып, маселе чечиле бербегенинен “Сары Кол” биримесин түзүп уюм атынан да кайрылууларды жазышкан. Бир нече бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды да өткөрүшкөн. Абал алга жылбай жатканын айтат аталган уюм жетекчиси Мамаражап Кадыров.

Мындай четтен тарыхый мекенине келгендер бир эле Кызыл-Кыя шаарында эмес өлкөнүн баардык эле аймактарында четтен чыгат. Анктени акыркы жети-сегиз жылда эле 60миңдей этникалык кыргыздар биротоло жашап калуу үчүн Кыргызстанга келишкен. Кыргызстанга келип  бирок, татыктуу колдоого ээ боло албай, мыйзам, жоболордо көрсөтүлгөн жеңилдиктерге жетпей жүргөндөрү, жарандык паспорт менен камсыздалбай калганы, медициналык жана социалдык камсыздоого жетпей жүргөндөр даттанып эле келишет. Алардын бири Мамажунус Жолдошовдун үй бүлөсү Тажикстандын Мургап районунан   Кызыл-Кыя шаар аймагына көчүп келгенине 17 жыл болуптур. Ошо күндөн бери жарытылуу киреше таппай, же түзүгүрөөк айлыктуу жумушка орношо албай өз тамы жок батирлеп жашап келишет. Чиедей үч баласы менен улам көчүп конуп жашоо оор, саламаттыкты сактоо, жеңилдиктер дегеле документсиз кишиге жашоо кыйын эле экен  дейт жубайы Мавлюда эже.

-Биз үй бүлөбүз менен батирде турабыз. Батир акысына айына эки миң сом төлөйбүз. Мындан сырткары иштеткен электр энегриясына дагы каражат кетет. Мен балдарды карап туруктуу жумушум жок. Жолдошум болсо жалданып ар жерде иштеп каражат таап келет. Тапканы тамак ашыбыздан ашпайт. Паспортум  болсо маселе чечилбей турат. Паспорт болбогонунан улам маяналуу жумуш табыш да кыйын экен. Тамак ашыбызды да үнөмдөп жейбиз. Толук кандуу витаминдүү тамактаналы жесек башка чыгымдарыбызга каражат табылбай калат. Балдарда болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк жок. Мамлекеттен жеңилдиктер, балдарга пособие деген оюбузга да келбейт. Анктени аны бизге берилиши кыйын экен. Пособие алыш үчүн өзүңчө кожолук катары катталып, туруктуу жашаган жериң болушу керек экен. Бир туруткуу катталалы десек ал үчүн үй-жайыбыз да жок. Там салууга жер ажыртап берилген эмес.

Тажикстандын Мургап айылынан оз боордошторунан үмүт кылып баш паанек издеп 400дөн ашык этникалык кыргыздар келген. Алардын бири Тажикстандан көчүп келгендердин башын бириктирген “Сары Кол” бирикмесинин төрагасы Мамаражап Кадыровдун өз үй  бүлөсү да жарандык паспорт ала албай же каттоого тура албай же жумуш жок жүрөт экен.

-Биз Кыргызстанга көчүп келгенибизге 10-15 жылдан ашса да бизге жер ажыратып берүү маселеси чечилбей келет. Биз насыя алалбайбыз. Жумуш жок. Айрыкча кризис болуп жатканда аябай эле кыйналып жатабыз. Кайрылбаган киши калбады. Эгер ушундай мамиле боло берчү болсо биз айла жок башка үчүнчү өлкөдөн баш паанек сурап кетүүгө мажбур болобуз. Биз да татыктуу жашашыбыз керек. Качанкыга чейин чейин ушинтип убактылуу курсактын айынан жүрө беребиз.

Тажикстандан тарыхый мекенине келгендер өз мээнетине жараша татыктуу жашоо камсыз кылууга болгону мыйзамда көрсөтүлгөндөй жардамдар берилип мамлекеттик мекемелерден колдоолорду күтүшөт. Тажиктсандын Согди облусунун Шороп шаарынан Баткен районунун Кызыл-Бел айылына көчүп келген Ирсалат Мухидинова жашы 63тө. 8 баланын энеси. 27 небереси бар. Өзү Кыргызстандын жарандыгын алганына 8 жыл болуптур. Бирок жолдошу Апыз Мухидинов жашы 65ке чыкса да пенсияга чыга элек. Кыргызстандын жарандыгын да ала элек экен. Учурда Кызыл-Бел айылында чоң уулунун үйүндө турушат.

-Мен 2008-жылы Кыргызстандын жарандыгын алгам. Чуркап жүрүп араң пенсияга чыккам. Азыр 3 миң сом пенсия алам. Башка кирешебиз жок. Неберелериме пособие чыкпайт. Чоң уулумдун ушул үйүндө турабыз. Бул жака келгенибизге бир топ жыл болсо да жолдошум дагы деле Тажикстандын жараны. Эчкандай жеңилдиктер каралган эмес. Там куралы деп жер алууга документерди тапшырганбыз. Азыр жерден дайын жок. Бизге кезекке туруп жер ажыратып алууга болбойт окшойт. Колунда бар болсо сатып алмакпыз. Биз жумуш жок болсо анан кантип сатып алмакпыз. Медициналык жактан жардамды айтпай эле койоюн. Биз келгенибизге бир топ жыл болсо да дагы деле Тажиктсандын Исфара шаарына барып доктурга көрүнөбүз. Бул жактан орууканага баралбайбыз. Акча көп керектелет экен. Тажиктсанда да өгөйлөнөбүз, булжактан дагы келгин катары өгөйлөнөбүз. Кыйын эле болуп жатат. Кыргызстанга келгенибиз менен балдарыбызды орусияга жөнөтүп ошол жактан бир аз каражат таап келип ошону менен жашап жатабыз. Биздей бейпил турмуш издеп келгендерге мамлекет колдоо көрсөтсө жакшы болмок. Неберелеге 5-10 сом болсо да пособие чегерүүнү жеңилдетип карап берсе дейм. Бир аз болсо да кошумча болмок.

Тажикстандан  келген этникалык кыргыздар арасанын  «Кайрылман» күбөлүгүн алып, жашоосун түптөп баштагандары да бар. Бирок бул макам да бир жылга чейин эле күчүндө болот. Ал арада жарандык алуу үчүн аракет жасагандары документ алса алып калат. Кээ бирөөлөрү тийиштүү документтерин топтой албай бир топ жылдап сар-санаа болуп жүргөндөрү да сан эсеби жок. Этникалык кыргыздардын учурда эң негизиги көйгөйү катары расмий документ алып, туруктуу каттого түшүү  менен жер участокторуна ээ болуу.

Баткен облусуна өткөн жылы эки миңдей этникалык кыргыздар көчүп келип катталышкан.  Келгендердин баары эле жарандык алып же паспорт менен камсыздала бербейт. Чаканыраак эле Чоңкара  айылында ушу күндө 35 киши жарандыгын аныктаган паспорту жок, алды 15 жылдан бери күтүп жүрсө кээ биринин жашы 70тен ашты. Документи жок  дүйнөбүз тарып, укук тууралуу суроо  да жок жашап жатабыз дешет алар.

Рустам Кушаков жашы 23тө. Ата-энеси менен чогуу Өзбекстандан Баткен районунун Чоңкара айылына   көчүп келгенине 15 жыл болуптур. Кайрылманга катталып жогоку окуу жайда окуп жатат. Бирок алиге чейин жарандыгын аныктаган паспорту жок.  Документиң жок  киши капастагыдай жашайт экен, кыргызстандан чыгалбайбыз, мамлекеттен жеңилдиктер жок, Диплом кандай болот, үйлөнсөм нике кантип катталат иши кылса жоопсуз суроолору толтура дейт.

-Биздин үй –үлөдө эле 5 киши паспортубуз жок жашап жатабыз. Кыргызстанга көчүп келгенибизге 15 жылдай болуп калды. Азыр мигрант катары жогорку окуу жайында окупжатам. Шайлоого болсо катыша албайм. Өз укуктарыбыз тууралуу талашып-тартышып, маселе көтөрүп чыгуу деген такыржок. Паспортуң жок болсо мамлекеттен кандайдыр бир жеңилдик сурап баруу да оор. Кыскасы кете турган кишидей убактылуу күн кечирип жаткандай түшүнүксуз жашоо кечирип жатабыз да.

Аймака  көчүп келишкен этникалык кыргыздар айрыкча чек арага жакын айылдарда отурукташкан. Алардын ары-бери каттап, тирилик өткөрүүсү үчүн паспорт өтө маанилүү орунда турат. Бирок аларда кыргыз жарандыгын алуу боюнча укуктук маалымат жетишсиз болууда, анан да бир топ даяр документтер президенттин алдындагы комиссиядан өтпөй турат дейт,  райондук паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмүнүн башчысы Болот Калыков.

-Бизге келген этникалык кыргыздардын документ менен камсызболуусунда  акыркы жылдары жакшы жылыштар болуп жатат. Болгону кайрылгандар маалыматсыз болуп, тийиштүү документтерин дароо тапшырбай жүрүшөт. Эгер зарыл кагаздарын топтоп бизге тапшырса президенттин алдындагы комиссияга жөнөтөбүз. Көп убакыт талап кылынбай калган. Көп болсо алты айда жарлык чыгат. Анан дароо паспортко документтерин тапшырып толук кандуу жаран катары өз укутарын пайдаланышса болот. Бизге келгендерге кеп-кеңешибизди берип колдон келген жардамыбызды аябайбыз.

Расмий катталып  жарандык  алалбай жүргөн кишилер облус боюнча 700 деп айтылат малыматта. Жергиликтүү бийлик да ара чолодо  этникалык кыргыздарга көңүл бурганы менен буларды колдоо үчүн атайын иш мерчемдер бекитилген эмес. Айласы куруганда акыйкатчыга  жардам сурап кайрылышат. Мындай кишилер үчүн мамлекеттик деңгээлде иш чара кабыл алынбаса жергиликтүү бийлик  маселени чечалбайт дейт акыйкатчынын облустагы өкүлү Хаитали Айкынов.

— Этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында отурукташкан.Тилекке каршы алардын так саны жок.  Иликтөөлөр көрсөткөндөй, алардын 80% жашоосу канааттандырбайт. Көпчүлүгү бешке чыга элек жаш балдары бар, жаш үй бүлөлөр. Дээрлик көпчүлүгүнүн туруктуу жумуш орду жок, материалдык жактан аз камсыз болгон үй бүлөлөр. Алар көчүп келгенден кийин убактылуу каттоого туруп “Кайрылман” статусун жана Кыргызстандын жарандыгын алууда мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарды билишпейт. Кыргызстанга көчүп келип жашаганына 20 жылдан ашык убакыт өтсө да жарандыгы жана турак жайы жок жүргөн боордошторубуз бар. Кыргызстандын  жарандык паспортун алышпагандыктан, алар пенсия, балдарына жөлөк пул, билим алууда, медициналык жардамдарды алууда кыйынчылыктарга дуушар болушууда.

— Биз жакында эле бул багытта сурамжылоо жүргүздүк. Сурамжылоого катышкан 78 адамдын 46сы 1993-жылдан баштап көчүп келгендерине карабай «Кайрылман» статусун алган эместигин айтышты.  Негизи аларга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзам бар. Кыргызстанга көчүп келген соң алар тийиштүү жерлерге кайрылып, «Кайрылман» статусун алышса болот. Бул бир жылга берилген «Кайрылман» паспорту менен мамлекеттен жөлөк пул, пенсия, билим жана медициналык жардам алууга укуктуу болот. Ал эми бир жылдан соң Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга мыйзам жол берет. Ошондой эле алар үчүн өлкөдөгү орто жана жогорку кесиптик окуу жайларга өтүү үчүн квоталар бар. Бирок бул боюнча аларда маалымат жок.  Себеп ушул 20 жылдан бери өз укутарын жана аларга карата жазылган мыйзамдарды билишпегендиктеринде болуп жатат. Дагы бир себеби, алар менен иштей турган атайын мамлекеттик органдын жоктугу. Мисалы, Баткен – көчүп келген этникалык кыргыздар маселеси курч болгон аймак. Бизде да алар менен иштей турган мамлекеттик органдын өкүлү жок. Ошол коңшу өлкөлөрдөн көчүп келип отурукташып жаткан кыргыздар буга чейин өз маселелерин чечүүдө Эмгек, жаштар жана миграция министрлигине кайрылып турушкан. Бирок бул министрлик жоюлуп кайра түзүлгөндүгү маселеге терс таасирин тийгизди.

— Мен бул маселе боюнча тийштүү кызматтарга атайын кайрылдым. Кайрылууда этникалык кыргыздар менен иш алып бара турган мамлекеттик орган же бир адис болсо да бекитип берүүлөрүн сурандым. Бирок азырынча жооп боло элек.

Этникалык кыргыздардын учурда эң негизиги көйгөйү катары расмий документ алып, туруктуу каттого түшүү  менен жер участокторуна ээ болуу.  Бирок ага чейинки жарандык алуу маселесинде иш кайсыл жерде аксап жатат  эмнеге 15 жылдап жарандык күтүлүүдө сураган киши жок. Тарыхывй мекенине келген этникалык кыргыздардын маселеси менен алектенчү органдын жоктугунан улам кимге кайрылып, алардын маселелерин чечүү багытында кандай аракет болуп жатканын билүү да кыйын. Жергиликтүү бийлик болсо мүмкүнчүлуктүн барынча жардам беребиз дегени менен жеңилдиктер, атайын колдоого алчу иш мерчемдердин дайыны жок.

Булак: cabar.asia

Макаланын дареги:  http://golos.kg/?p=33552

Шилтемени бөлүшүү: