Кыйноолорго каршы күрөшүү Коалициясы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы

Мындай позициясы менен Коалиция жарандарды да Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы добуш берүүгө чакырды.

Азаттык үнү, Бишкек

Кыргызстанда кыйноолорго каршы күрөшүү Коалициясы Кыргыз Республикасынын Конституциясы Мыйзам бузуу менен демилгеленип жаткандыгын айтып, жарандарды референдумда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы добуш берүүгө үндөп чакырык жасады.

“Кыргыз Республикасынын 2010-жыл 27-июнда кабыл алынган Конституциясына мындай мыйзам бузуулар менен өзгөртүүлөрдү киргизүү анын легитимдүүлүгүнө шек жаратып, келечекте өзүнүн чабалдыгын көрсөтөт. Мындай абал өлкөдө өтө терс тобокелдик учурларга, саясий абалдын туруксуздугуна алып келиши мүмкүн”, — деп жазылат кайрылууда.

Коалиция өзүнүн ачык кайрылуусунда бийлик органдарын көңүл бурууга чакырып, аны Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңеш депутаттарына жолдоп, бир катар мыйзам бузуучулук учурларга токтолду.

Жогорку Кенеште мыйзам долбоорлорду киргизип жатып, депутаттар Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин күн тартиби жөнүндө” Мыйзамын жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” Конституциялык мыйзамын жетекчиликке алууга милдетүү экендигине карабай:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы бузулган. Аталган беренеге ылайык,  Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү Мыйзамы Жогорку Кенеш тарабынан депутаттардын көпчүлүк добуштары менен, эң азында жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен үчтөн кем эмес окуу өткөрүлгөндөн кийин гана кабыл алынат. Ар бир окуу ортосунда 2 ай тыныгуу болуусу шарт. Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөттөр сакталган эмес.

— Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренеси түздөн-түз негизги мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө Конституциялык палатага корутунду берүү милдетин жүктөйт. Конституциялык мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгү “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” ошондой эле Конституциялык палата Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбооруна корутунду берет деп белгилейт.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин күн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамдын 64-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Конституцияга өзгөтүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору Жогорку соттун Конституциялык палатасына корутунду берүүгө жөнөтүүгө жатат. Жогорку соттун Конституциялык палатасы терс корутунду чыгарган учурда, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору кароого жатпайт. Демек, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзам” долбоору коомчулук алдына талкууга алып чыгардан мурун Жогорку соттун Конституциялык палатасына корутунду алууга жөнөтүлүүсү керек болчу, бирок бул талап долбоор демилгечилери тарабынан аткарылган эмес.

— “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинде киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциясына Жогорку Кенеш тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө 2020-жылдын 1-сентябрына чейин мораторий жарыяланган берене бузулган.

— “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин күн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамдын 65-берене 3-бөлүгүндө каралгандай, референдумду дайындоо мыйзамында суроо же мыйзам долбоордун аталышы (референдумдун предмети) жана референдум өткөрүү күнү каралгандыгы бузулган.  Бирок, коомчулукка талкууга алып чыккан долбоордо анык референдум өткөрүү күнү көрсөтүлгөн эмес, болгону 2016-жыл деп көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү Улуттук Стратегиясына ылайык (“2.2. Конституциянын жана мыйзамдын потенциалын туруктуу ишке ашырууну камсыздоо”), конституциялык-укуктук мамилелерди ишке ашырууда негизги басымды иштеп жаткан Конституцияны өзгөртүүгө эмес, чыныгы жашоонун ченемдик талаптарына жана дүйнөлүк практикада кабыл алган ийкемдүү өнүгүүнүн принциптерине жасоого болот. Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Референдум демилгеси Улуттук Стратегиялык туруктуу өнүгүү бөлүмүнө каршы келет.

Кайрылууга кол койгон Кыйноолорго каршы күрөшүү Коалициясына мүчө уюмдар:

  1. Азиза Абдирасулова, «Кылым шамы» КФ, Бишкек ш.
  2. Сардар Багишбеков, «Голос свободы» КФ, Бишкек ш.
  3. Акылбек Ташбулатов, «Центр содействия международной защите» КФ, Ош ш.
  4. Садыкжан Махмудов, адвокат, Ош ш.
  5. Арсен Амбарян, адвокат, Ош ш.
  6. Валентина Гриценко, «Справедливость» ОУКУ, Джалал-Абад ш.
  7. Жениш Тороев, адвокат, Ош ш.
  8. Абдумомун Мамараимов, «Войс оф фридом» КФ, Бишкек ш.
  9. Икрам Мамешев, жарандык активист, Бишкек ш.
  10. Камиль Рузиев, «Вентус» КБ, Каракол ш.
  11. Мухайе Абдураупова, «Позитивный диалог» КФ, Ош ш.
  12. Надира Эшматова, «Лигал просперити» КФ, Бишкек ш.
  13. Алмагуль Турдумамбетова, «Защитник прав и свобод человека» КФ, Токмок ш.
  14. Светлана Божкова, «Союз единения» КФ, Талас ш.
  15. Айдар Сыдыков, «Центр защиты общественных интересов» КФ, Бишкек ш.

Жазгүл Ыманалиева, Азаттык үнү, Бишкек

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=34569

Шилтемени бөлүшүү: