Бакыт Калиев: Убакыт өтүшү менен мүмкүнчүлүгү чектелген адам менен ден-соолугу чың адамдын ортосундагы чек жоюлат

Жалал—Абад облусунун үч районунда жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өз айылынан алыс эмес жерде окууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок…

Азаттык үнү, Кербен

Жалал- Абад облусунун Аксы районундагы майыптыгы бар балдар үчүн мектепти мындан эки жыл мурда Кербен шаардык кенешинин депутаты Бакытбек Калиев ачкан. Аксы районун борбору Кербен шаарынан алыс эмес жайгашкан айылдагы ата-энелер балдарын мектепке алып келип окутушат. Калиевдин айтымында буга чейин райондун алыскы айылдарынан жана кошуна Ала-Бука, Чаткал райондорунан да балдар билим алууга келип, бирок жолдун алыстыгынан окууну токтотуп коюшкан. Балдардын билим алуусун улантуу үчүн аларга мектепти жатаканасы менен куруу зарылчылыгы жаралып жатат.

img_0072-768x512

Бакытбек жатакана куруу үчүн пландап жаткан имарат. Бул үчүн 350 миӊ сом талап кылынат

Учурда курулуш  үчүн имарат жана жер бар, болгону 350 миң сом (5000$) акча каражатын табуу керек.

Буга чейин Аксы, Ала-Бука Чаткал сыяктуу алыскы районунда жашаган майып балдардын ата-энелери психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын жыйынтыгы боюнча балдарын, Аксы районунан 300 км алыс жайгашкан Ноокен районудагы, облус боюнча жалгыз иштеп  жаткан  атайын мектеп-интернатына жиберүүгө аргасыз болушкан.

Албетте жөнөкөй депутат үчүн мындай мектеп куруу оңой иш эмес. Бирок ага карабай мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусун камсыз кылууга эмне түрткү болгонун, мектеп бүгүнкү күндө балдарга кандай билим берип жаткандыгы тууралуу Бакыт Калиев айтып берди.

img_0058-768x512

Биз мектепке барганыбызда мектепке чейинки даярдык класста сабак жүрүп жаткан экен. Ата энелер балдары менен чогуу окушат

— Бактыбек, айтсаңыз атайын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектеп ачууга эмне түрткү болду?  

-Бизде 2003-жылдан бери иштеп жаткан «Цефей» коомдук бирикмеси бар. Көпчүлүк ата-энелердин өтүнүчү боюнча  2014-жылы биздин бирикменин алдында ушул мектепти түзгөнбүз. Буга чейин ата-энелер майып балдарын  Ноокен районундагы атайын мектепке жөнөтүшкөн.

Сиз буга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеп жүрдүңүз беле?

-Ооба, биздин бирикменин негизги максаты майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүү. Биз аларга ар тараптуу жардам беребиз, негизинен укутук жардам, социалдык колдоо көрсөтөбүз. Мисалы майыптар үчүн коляскаларды берүү, дагы башка гуманитардык жардамдар. Мындан сырткары спорттук иш-чараларды өткөрүп турабыз. Майыптыгы бар адам акыл –эсти гана өстүрбөстөн физикалык жактан дагы күчтүү болушу керек.  Буга чейин бизге көптөгөн ата-энелер балдарынын билим албай калып жаткандыктарын айтып кайрылышты. Мына ушул нерсе мектеп ачууга түрткү болду. Албетте балдарга билим берүү зарыл

img_0078-768x512

«Цефей» мектеби. Калиевдин айтымында жодогу асфальтты да өздөрү төшөгөн

-Эмне себептен ата-энелер сизге кайрылды, азыр алар балдарынын билим алуусуна кандай мамиле кылышууда?

— Ата-эне үчүн балдары жанында болгону жакшы. Буга чейин жана бүгүнкү күндө да майыптыгы бар балдарды Ноокен районуна атайын мектеп-интернатка жөнөтүп жатышат. Ал эми биз майыптыгы бар балдар жөнөкөй окуучулар менен чогуу окуусун жана ата-энелери алардын сабагына катышуусун каалайбыз. Өзүнүздөр көргөндөй ата-энелери сабакта балдары менен чогуу отурушат. Бул балдар физикалык жактан гана мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп, бир аз кыйынчылык менен сүйлөшкөнү болбосо, булар деле баардык башка балдар сыяктуу эле да. Тескерисинче биз майыптыгы жок, дени-соо балдарды мындай мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды да өздөрү сыяктуу эле жөнөкөй адам катары кабыл алууга жана алар менен достошууга тарбиялашыбыз керек.

Алгачкы убактарда жаныбыздагы балдар бакчасында тарбияланган дени-соо балдардын ата-энелери, майыптыгы бар балдардын бул мектепке келүүлөрүнө каршы болушту.

img_0004-768x512

Балдар тыныгуу учурунда мыкты жабдылган спорт залында ойношот.

Эмне себептен?

— Себеби биз дени-соо балдар тарбияланган бала-бакчанын жанындагы имаратты сатып алганбыз. Алардын ата-энелери балдарынын жанында майыптыгы бар балдардын болуусунан коркушуп бир топ убакка чейин каршы чыгып жүрүштү. Кээ бир түшүнбөгөн, тескери көз караштагы ата –энелер бар. Мен аларга биз “эгер биз жаныңарда болууну каалабасаңар, өзүңөргө башка имарат издегиле” деп айттым.  Жаныбыздагы балдар бакчасынын мурунку башчысы да майыптыгы бар балдардын жана майыптыгы жок, дени-соо балдардын жанма-жан тарбиялануусуна каршы болгон. Бизде “жугат” деген стреотип калыптанып калган эмеспи…

Кийин жаңы башчы келип “Биз силер менен чогубуз” дедеи, эгер ал антип айтпаганда биз өзүбүздүн короону тосмокбуз да, алар өздөрүнө бала бакчанын башка тарабынан эшик ачмак. Жаңы башчы келгенден бери биз чогуубуз.

img_9988-768x512

Оңдолгонго чейинки жана кийинки сүрөттөр

-Сиз эмне себептен бул иштерди жасап жатасыз, бул сизге эмне берет?

-Мен мунун баарын майыптыгы бар балдар үчүн жасап жатам. Коомубузда айрым инсандардын аларды кабыл албашы мени азыраак ойлондурат. Мени көбүрөөк бул балдардын келечектеги тагдыры ойлондурат.  Алар билим алса, сабаттулукту үйрөнүшсө. Качан гана бала окуганды, жазганды билгенде андан ары жашоосунда бир иш жасай алат.

Мен бул балдардан келечекте коомго керектүү инсандар чыга тургандай окутабыз деп үмүт кылам. А бул баланын кайсы мектепте окуганынан эмес, кандай деңгээлде билим алгандыгынан көз каранды. Элдер сапаттуу билим берген мектеп жөнүндө укса, алар өздөрү ал жака балдарын алып барышат.

img_0020-768x512

Бул мектепте ата-энелер балдары менен чогуу ойношот. Балдар кол күрөштүрүп жатышат

-Бул мектепте балдар канча жыл жана кандай программа менен окушат?

-Бул баштапкы билим берүүчү мектеп. Азыр бизде 13 бала билим алып жатат . Алар эки — кыргыз жана орус тилдеринде билим алышат. Эки класс бар – биринчи жана мектепке чейинки даярдоо калссы. Балдар мектепке чейинки даярдоого келишет, экзаменди жакшы тапшырышса биринчи класска өтүшөт. Ал эми биз кайрадан мектепке чейинки даярдык классына жаңы балдарды кабыл алабыз. Биз жакында эле ачылгандыктан көптөгөн иштер, идеялар азырынча пландарбызда гана. Биз балдарды 5-класска чейин окутууну пландап жатабыз, андан кийин кадимки мектептерге жөнөтөбүз.

-Демек, окуучулар башка кадимки эле мектептерде окуусун уланта алышат?

-Ооба, ошол эле класстан уланта алышат. Биз Вальдорф окутуу системасына көңүл буруп жатабыз. Учурда бул система боюча өзүм Бишкекте билим алып жатам. Бул окутуу системася окумуштуу Штайнер тарабынан негизделген. Биздин мектеп сыяктуу мектептерде 7-8-класска чейин окушуп андан кийин жөнөкөй мектепке ошол эле класстан окуусун уланта алышат.

Жөнөкөй мектептерде негизинен билим алууга басым жасашат. Ал эми Вальдорфскалык окутуу майыптыгы бар балдардын билим алуусунан тышкары алардын жан дүйнүсүнө көңүл бурат. Мектепте рухий түзүм менен бирге балдардын эрки күчтүү болушу керек.

Бала мектепте жалаң жакшы баа алууга окубастан анын жан дүйнөсү дагы бай болушу шарт. Бул жерде баланын эмоциалык абалы жана ички дүйнөсү менен дагы иштөө керек.

Жөнөкөй мектептерде окуучулар бешке бешти кошсо он болорун билишет, бул жөн гана арифметика. Ал эми бала алган билимин турмушта пайдалана билүүсү, коомго аралашуусу керек да. Мисалы азыр мектептерде 5- класска чейин бир эле мугалим окутат, андан кийин сабактар боюнча бөлүнүү болот — математика химия ж.б. Ал эми Вальдорф окутуу системасы 7-8 жылга чейин бир эле мугалим окутуусун көздөйт, мына ошондо балдар программаны мыкты өздөштүрө алышат.

 

img_0056-768x512

Маданий жана эстетикалык тарбиялоо үчүн пианино орнотулган

Мына бул пианинону (көрсөтүп) Вальдорф педагогикасынын аркасында балдарга үйрөтүп жатам. Живопистик картиналарды булардын барын Вальдорф педагогикасы камсыз кылып жатат. Башкача айтканда бала, окуганды, жазганды эле билген робот сыяктуу эмес, ар тараптуу ой жүгүртө билген адам болуусу керек.

— А бул балдарга эмне берет?

Эмне бере алат? Адам жөн эле үйүндө эч кимге кереги жок болуп отурбайт. Ал жакшы билим алса, жакшы бир кесиптин ээси болуп, ал кесибинин аркасынан үй-бүлөсүнө жакшы киреше алып келсе. Үйүнө киреше таап, үй-бүлөсүн тамак- аш менен камсыздап жаткан адам өзүн кемтиксиз сезип, жашоосун жакшырта алат.

— Демек, сиз бул алыскы тоолу райондо инклюзивдүү билим берүүнү ишке ашыра алдыңыз?

— Албетте, ал тургай жакшы жыйынтыктар дагы бар. Чет өлкөлөрдө майыптарга карата ачык басмырлоонун болушу мүмкүн эмес! Ал жактарда майыптар  кагаз жүзүндө гана укуктарга ээ болбостон, өздөрүн толук кандуу жаран сезип башкалар менен тең укукта жашашат. Менимче биз дагы акырындык менен мына ушуга баратабыз.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адам арабада (коляска) отурганына карабай өзүн дени-соо адамдардан кем калбай көрсөтө алат. Андай адам жакшы окуса, бардыгына жетишип жатса, анда аны майып деп эч ким айта албайт. Эгерде ал адам баса албаса анын бул анын күнөөсү эмес да. Кудай аны ушундай кылып жаратып койгон болгону ушул.

img_0067-768x512

Бактыбек көбүнчө балдар менен кошо сабактарга өзү катышат

— Убакыт өтүп майыптыгы бар адам менен жөнөкөй адамдын ортосундагы эч кандай чек-ара болбой калат дедиңиз. Буга чейин абал кандай эле?

— Эгерде 2003-жыл менен бүгүнкү күндөгү майыптарга карата мамилени салыштырса асман менен жердей. Анткени мага көптөгөн ата-энелер келип «мен баламды көчөгө чыгаргандан уялам»- дешчү. Эмнеге? Анткени кошуналары анын баласы ушундай деп сөз кылышат. Мындай басмырлоо улуу муундагы адамдарда көбүрөөк кездешет. Биз муну менен күрөшүүдөбүз. А сиз билесизби, мурда союз убагында майып деген тушунук болгон дагы эмес.

Кантип эле, ал убакта да мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болгон да?

-Ооба, андай адамдар болгон. Бирок мамлекет бизде андай адам жок деп айткан. Аларды атайын жабык мекемелерде жашырышкан. Официалдуу түрдө майып деген статустагы адам болгон эмес. Бул ошол убактагы муунга абдан жаман таасир калтырган, майып балдары барлар аларды коомчулуктан жашырып келишкен. Бул үчүн көпчүлүк ата-энелер кандайдыр бир, жада калса өздөрү да билбеген күнөөлөрүбүз үчүн кудай бизди жазалап жатат деп өздөрүн күнөөлөп келишкен.  Жөн гана “Ой мени бироо каргап койду ал менин балама тийди” деп кабыл алышкан. Алар мамлекет тарабынан берилген жардамдан дагы баш тартып, уят деп эсептешкен. Майыптыгы боюнча каттоого тургусу дагы келишкен эмес. Каттоого турса алардын баласы майыптыгы үчүн жөлөк пул алып жаткандыгын башкалар билип калат деп эсептешкен. Мен ата- энелерге ар дайым айытам “балаңар жөлөк пул алып жаткандыгы үчүн уялып жатсаңар, анда албагыла” деп. “Жон гана банктан эсеп ачып, сала бергиле, кийин чогулган акчага балким балага компьютер сатып бересиӊер”. Кийин ай сайын акча ала баштаганда чогултууга мүмкүн болбой калат, күнүмдүк тириликке кирип кетет.

— Балдар кандай шартта билим алышууда? Мамлекет тарабынан жардам болуп жатабы?

— Шарттар азыр жакшы, көп иш жасалып калды. Биз бул имаратты алганда өтө жаман, абалда болчу,  полдору дагы жок болчу. 25 жыл кароосуз турган имаратты кайрадан жасоо чындыгында бизге абдан кыйын болду. Учурда ар кандай долбоорлорду жазып ошол аркылуу улантууну көздөп жатабыз. Айрыкча долбоорлор жок, токтоп калган учурларда акча жагынан бир топ эле кыйналабыз.

Биз бул мектепти өзүбүздүн күчүбүз жана “Абилис” Хельсин фондунун жардамы менен курдук. Алгачкы жылы ушул фонддун жардамы менен, андан кийин башка долбоорлор менен иштешип баштадык. Азыр биз Социалдык өнүктүрүү министрлигинен  долбоор утуп, мамлекеттик социалдык буюртма алдык. Бирок көп нерсеге өзүбүз акча издешибиз керек.

img_9984-768x512

Мектепте балдар үчүн баардык шарттар түзүлгөн

-Келечекте дагы кандай пландарыныз бар?

-Мектептин жатакана тибиндеги мектеп кылууну пландап жатабыз. Балдар ушул жерде жашап билим алышып өздөрүнүн ашканасы жана кошумча спорттук залы болот. Бул үчүн жаныбызда жайгашкан жерди имараты менен сатып алышыбыз керек. Жерди ээси саттыка койгон, бизден 350 000 сом (үч жүз элүү миң сом) сурап жатат. Азырынча бизде андай акча жок, учурда акча жана демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Биз имаратты гана сатып алсак, калган иштерди өзүбүз долбоорлорду жазып жасап алмакбыз.

Бизде башка райондордон (Ала-Бука, Чаткал) балдар келишип, кийин жолдун алыстыгынан каттай албай калышкан.

Жергиликтүү жашоочулар демилгеңизди кандай кабыл алышты?

— Мына бул биз турган имарат мурда абдан жаман акыбалда болчу, биз оңдоп-түздөп жасагандан соң бизге бул имарат силердики эмес дей башташты. Себеби биз имараттын акчасын толугу менен төлөөгө үлгүргөн жокпуз. Андан кийин кызыл китеп жасаттык. Качан гана биз баарын жасап койгондон кийин алууну каалагандар көбөйүп кетти. Болгону карап көрүп, майып жасаган ишти биз эмнеге жасай албайбыз деп ойлошту.

Мисалы, салык кызматынан келишип кечирип коюңуздар сиздердин ушунча карызыңар бар, төлөй албасаңар мекемени алууга аргасызбыз”, деген сыяктуу.  Бул имаратты биз 550 миң сомго сатып алганбыз, азыр 300 мин сомдон ашык карызыбыз калды . Алар дал ушул нерсеге басым жасашты. Алар качан гана биз оңдоо-түзөө иштерин бүтөргөндө келишти.

img_0073-768x512

Байыркы грек мифологиясындагы баатырлардын атына коюлган «Цефей» мектеби 

P.S. Учурда Аксы райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын берген маалыматында Аксы районунда 5 200 мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Анын ичинен 927 тубаса майып болсо, 759  майып балдар. Ал эми Аксы районундук билим берүү башкармалыгы берген маалымат боюнча район боюнча жалпы 202 майып бала билим алып жатса, 2 балага үйүндө билим алуу камсыздалган.

Бакыт Калиев менен болгон маектен кийин айрым ата-энелер менен пикир алышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Гульмиры Толкунбаеванын 4 баласы бар. Экинчи баласы ушул мектепке келет. Эне бала Аксы районун борбору Кербенден 15 км алыстыкта жайгашкан Авлетим айылында жашашат.

Толкунбаеванын айтымында баласы бул мектепке келгенден тартып жылыштар байкалууда. Андыктан жолдун узактыгына, кыйынчылыктарга карабастан балсынын келечеги үчүн ар дайым мектепке келип турушат.

63 жаштагы Алишер Мавлянов дагы баласы менен Кербенден келет. Бул жака келерден мурун баласы үчүн абдан кооптонгон. Бирок мектепке келгенден тартып баласынын сүйлөөсүнөн жылыштарды байкаган. Учурда баласы жаза алат, бирок сүйлөөнү акырындап өздөштүрүүдө.

Азаттык үнү, Кербен

Которгон Альбина Чотбаева

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=34645

Поделиться ссылкой: