Бишкек-Ош каттамындагы жүргүнчүлөр 30 сааттан ашык аэропортто кармалып турушат

“Манас” эл аралык аэропортунда Бишкек-Ош аба каттамында учуучу жүргүнчүлөр экинчи сутка аэропортто кармалып турушат. Буга себеп Ош шаарында туман болуп Ош эл аралык аэропорту самолетторду кабыл албай жатканыдыгында деп түшүндүрүшүүдө.

Азаттык үнү, Бишкек

Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жүрүп жатканда “Манас” эл аралык аэропортунда 10-декабрь жана 11-декабрь күнү Бишкек-Ош аба каттамында учуучу 1000 чакты жүргүнчү кармалып турушат.

Аэропорттогу жүргүнчүлөрдүн айтымында аэропортто самолеттун учуусун күтүп отургандарына бир жарым сутка болду. Учурда 6 каттамдын жүргүнчүлөрү аэропортто.

Жүргүнчүлөргө тез жардам чакырышты

Жүргүнчүлөргө тез жардам чакырышты

Бул тууралуу фейсбук тармагынын колдоочулары өз баракчаларында жазышты.

“Бир сутка болду аэропортто отурабыз. Себеп Оштогу туман. Эрте таңдан бизди референдум жана шайлоого катыштыргылары келбей жатат деген политикалык мүнөздөгү пикир пайда болду. Аэропортто тамактанууга эч нерсе жок”, — деп жазат фейсбук колдонуучу Искендер Субанкулов.

Дагы бир жүргүнчү Канышай Ашимованын айтымында самолет Ошко бир жолу учуп барып конбой кайра келди. Анын айтымында Ошто булут, туман жок болгон.

Ош шаарына жеткен самолет кайтты. Себеп тумандан улам самолет коно албаган. Бул сүрөттү кайра кайткан самолеттогу жүргүчү Ошко жеткенде таркан

Ош шаарына жеткен самолет кайтты. Себеп тумандан улам самолет коно албаган. Эмне себептен самолеттун конбогону белгисиз.

“Бүгүн эрте менен (10-декабрь күнү) Бишкек -Баткен рейсинде учабыз деп саат 9:00дө Манас аэропортуна келдик. Каттам саат 12 ге чейин кармалат дешти кийин саат 12де Баткенге самолет учпайт дешти. Билеттерди саат 15:00гө Ошко учалы деп жылдырдык, каттоодон өткөн соң 1 саат күттүрүп, 3 каттамда болжол менен 500гө чукул жүргүнчүлөр кайра залга чыгарып 20:00гө чейин кармашты. Анан 3 каттамдын жүргүнчүлөрүн кайра бир бирден бут кийимине чейин экинчи ирет чечтирип текшерип, 21:00дө баарыбызды 3 самолетко чыгарып кайра 22:30 болуп бара жатат, самолетто кармап отурушат. Ал эми аэропортто дагы Ошко 4- рейстин жүргүнчүлөрү келип бизге окшоп отурушат. Улгайган жарандар, оорулуулар, жаш балалууларды көрүп бооруң ооруйт….”, — деп жазган Канышай Ашимова.

Ашимованын айтымында кечээ күнү барган жарандар аэропорттун залында отургучтарда түнөшкөн.

“Бир да компания өкүлдөрү же аэропорт кызматкери жүргүнчүлөрдүн ал абалын сураган жок. Биз го чыдайбыз бирок оорулуу жана жаш балдары барлар аябай кыйналды, жок дегенде алардан кабар алышса болмок. 30 саат убактыбызды аэропортто өткөргөн соң Бишкектен телефон чалуу болуп ысык чай беришти”, — деди ал.

Ашимова ошондой эле бир канча жолу самолотко чыгарып кайра түшүрө бергендиктен эки жаранга тез жардам чакырылгандыгын айтат.

“Аба ырайын кандай болорун метеорология кызматынан билип, каттамдарды же жокко чыгарып же биротоло башка күнгө жылдырып элди үйлөрүнө жөнөтүшсө болмок. Ар бир каттам жүргүнчүлөрүн кайра-кайра каттодон өткөрүп аябай кыйнашты”, — деди ал.

“Манас” эл аралык аэропортунун жооптуу кызматкерлеринен комментарий алууга мүмкүн болбоду, себеби аэропорттун жетекчилиги жана басма сөз кызматы жекшемби күн болгондуктан иш жеринде жок. Ал эми башка кызматкерлер комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ал эми аэропорттун сайтында Ош шаарында айрым эл аралык каттамдагы самолетторду кабыл алгандыгы көрүнүп турат. Ош эл аралык аэропортуна телефон чалганыбызда эл аралык каттам конгону жетишти, андан кийин туман түшүп калды деген жооп алдык.

airport

Бишкек –Ош аба каттамына билет саткан “Авиатраффик” компаниясынын “Манас” эл аралык аэропортундагы өкүлчүлүгүнө жүргүнчүлөрдүн моралдык чыгымдарын ким төлөп берет деген суроо жоопсуз калды.

Жүргүнчүлөр тартып жөнөткөн видеотасма:

Азаттык үнү, Бишкек

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=34750

Шилтемени бөлүшүү: