Жактоочу: Жоокерге карата туура эмес берене менен кылмыш иши козголгон

Каза болгон ефрейтордун агасы Алмаз Абдакимов жалгыз бала инисин уруп өлтүрүп коюшу мүмкүн эместигин айтса, шектүүнүн агасы окуя кандай болгонун айтып берди.

Азаттык үнү, Бишкек

Эске салсак, Ош облусунун №01-525 аскер бөлүгүндөгү жаңжалдан ефрейтор Эламан Ташбалта уулу каза болгон. Окуя боюнча 104-беренесине ылайык «Саламаттыка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иликтөөлөрдүн негизинде кылмышка шектүү катары катардагы жоокер Бекболот Заирбек уулу ошол эле аскер бөлүгүнүн убактылуу кармоочу жайына алынган.

Күнөөлөнүп жаткан Бекболот Заирбек уулунун агасы Нурболоттун айтымында, ал окуя кандай болгондун эртеси инисинен уккан.

Агасынын айтымында, 6-сентябр күнү Эламан Ташбалта уулу өз нарядын таштап кечки убакта аскерлерге келип, ар дайымдагыдай өз үстөмдүгүн жасай баштаган. Бул учурда чыдамы акырына жеткен иниси Бекболот кол көтөрүүгө аргасыз болгон.

«Аскердеги жазуусу жок эрежеге ылайык катардагы аскер, ефрейторго кол көтөрүүгө укугу жок. Ефрейтор аскер мага кол көтөрөт деп күтпөгөндүктөн соккуга даяр

Жоокер Бекболот уулу

Жоокер Бекболот Заирбек уулу

болгон эмес. Ошол күнү аскерлердин уставына ылайык Эламан Ташбалта уулуна карата командирге барып  даттануусу мамилени дагы да курчуткан. Дал ошол даттануу ефрейтор менен аскердин ортосундагы чырга себеп болгон», – дейт агасы.

Бекболоттун агасы Нурболоттун айтуусунда ефройтор эс-учун гана жоготкон, ага тез жардам чакырылып, дарыгерлер аны сактап калуу үчүн күрөшүшкөн.

“Эламан мушташтан улам эсин жоготуп койгон. Алгач ага ошол жерде күзѳттѳ турган аскерлер жардамга келишкен. Суу чачып эсине келтирүүгѳ аракеттерди жасашкан. Бирок эсине келбеген соӊ дарыгер чакырышкан. Дарыгер да Эламанды эсине келтире албаган соӊ госпиталга алып кетишкен. Жалпысынан алганда эфрейтор 1,5-2 сааттай тирүү болгон”, – дейт агасы Нурболот.

Күнөөлөнүп жаткан Бекболот Заирбек уулунун жактоочусу Айсалкын Карабаеванын айтымында кылмыш иши туура эмес берене менен козголгон. Тактап айтканда Кылмыш жаза Кодексинин “Саламаттыка атайылап оор залал келтирүү” беренси эмес “Ачууга алдырган абалда саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү…” беренеси боюнча кылмыш иши козголушу керек эле.

Жактоочу Карабаева коргоосундагы Бекболот Заирбек уулу өзүн коргоо үчүн гана ефрейторго кол көтөргөндүгүн кошумчалады. Анын айтымында, ефрейтор Эламан Ташбалта уулу 4 ай бою аскерлерге ар кандай кысым көрсөтүп, балдардын эркектик намысын козгогон ыплас иштерди жүргүзүп келген.

«Бул фактыны тастыктаган 14 аскердин түшүнүк каты болгондугуна карабастан тергөөчү  Элдияр Караев “Саламаттыка атайылап оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогондугун маалымдады. 14 аскердин Эламан Ташбалта уулуна карата жазылган каттары тергөө ишине тиркелген»,–деди жактоочу Карабаева.

Ал эми каза болгон Эламан Ташбалта уулунун жактоочусу Муса Алыкулов аскерлердин өлгөн ефрейторго карата эч кандай көрсөтмөлөрү жок экендигин билдирди.

«Эламан Ташбалта уулу өлгөнгө чейин да өлгөндөн кийин да ага карата катардагы жоокерлер эч кандай арыз-дооматтарды айткан, жазган да эмес. Алар менен болгон жеке жолугуушуда аскерлер жазган каттарынан баш тартышууда» – деп маалымдады ал.

Ош гарнизондук Аскер прокуратурасынын прокурору Динмухаммед Осмон уулунун Азаттык радиосуна берген маалыматында, Аскер прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерде тийиштүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, КЖК 104-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анын айтымында учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын кызматкерлери, №01-525 аскер бөлүгүнүн командирлери жана кылмыш ишин иликтеп жаткан тергөөчү Элдияр Караев тергөө ишинин жүрүшү боюнча кандайдыр бир маалымат бергенден баш тартышты.

Гүлзада Надырбекова, Азаттык үнү, Бишкек

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=34754

Шилтемени бөлүшүү: