Акыйкатчы акыркы болгон окуяларды иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады

Мындай сунушту Оторбаев укук коргоочу Азиза Абдирасулованын абалынан кабар алганы барганда айтты.

Азаттык үнү, Бишкек

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, акыйкатчы Кубат Оторбаев укук коргоочу Азиза Абдирасулованын абалынан кабар алганы ооруканага барды. Анда акыйкатчы акыркы убактарда Абдирасулова жана башка укук коргоочулардын тегерегинде болгон окуяларды иликтөө жүргүзүүгө комиссия түзүүнү сунуштады.

Учурда укук коргоочу Азиза Абдирасулованын абалы жакшы жана ал жалпы палатага которулган.

Эске салсак, 7-декабрь күнү Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулган иш-чарада укук коргоочу Азиза Абдирасулова акыйкатчы Кубат Оторбаевге анын укугун коргоосун сурап кайрылган. Анда ал Азимжан Аскаровдун соттук отурумунда түшкү тыныгуу учурунда тыңшоо жана андан кийин артынан белгисиз адамдар изинен түшкөнүн айткан. Иш-чаранын журүшүндө Абдирасулова өзүн жаман сезип ага тез жардам чакырылып шаардагы оорукалардын бирине реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Сүрөт Акыйкатчы институтунун сайтынан алынды.

Азаттык үнү, Бишкек

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=34757

Шилтемени бөлүшүү: