(Кыргыз) Азимжан Аскаровдун иши боюнча тараптан жарыш сөзгө өтүшөт. Сот видео тасмага уруксат берди

Извините, эта статья доступна только на Кыргыз For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Бүгүнкү соттук отурумдун аягында сот Аскаровдун жарыш сөз учурунда журналисттерге сот залында видео тасма тартууга уруксат берүү өтүнүчүн канааттандырды.  

Азаттык үнү, Бишкек

Чүй облустук сотунун коллегиясы Азимжан Аскаровдун иши боюнча материалдар менен таанышып бүттү. Кийинки соттук отурум 20-декабрь шейшемби күнгө белгиленди. Мында тараптар жарыш сөзгө чыгышат.

Тараптар жарыш сөзгө чыгардан мурун бүгүн ден-соолугу сыркоолоп жана иш сапарында болуп соттук отурумга катыша албай калган Аскаровдун жактоочусу Айдар Сыдыков жана коомдук жактоочусу Төлекан Исмаиловалардын өтүнүчүн угуу менен башталарын сот тактап өттү.

Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочу Нурбек Токтакунов БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин эки чечимин иштин документтерине тиркөөнү өтүндү.

“Биринчиси – бул БУУнун Адам уккутары боюнча комитетинин Мойдуновдун иши боюнча чечими. Мойдуновдун өлүмүндө азыр Аскаровго каршы көрсөтмө берип жаткан милиция кызматкерлери күнөлүү. Аскаров өз учурунда Мойдуновдун иши менен иш алып барган, аны коомчулукка чыгарган (анын ИИБда каза болгондугу тууралуу фактыны)”, – деди жактоочу.

Экинчи чечим 2002-жылдагы Аксы окуясында каза болгон Элдияр Уметалиевдин иши боюнча. Бул ишке түздөн-түз ал учурдагы убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун тиешеси бар.  Токтакунов БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечимдерин ишке тиркөөсүн өтүнүп жатканынын себептерин жарыш сөзгө чыкканда түшүндүрүп, кененирээк маалымат берерин айтты.

Токтакунов ишке дагы Азимжан Аскаровдун үйүндө тинтүү жүргүзүү учурундагы түзүлгөн протоколду тиркөөнү өтүндү. Анын айтымында, 2010-жылы иш менен таанышып чыккан учурда тинтүү болгондугу боюнча протокол иштин 21-бетинде жайгашкан болсо кийин ал иштин 80-бетине  өтүп калган.

Жактоочу ал учурда протоколду коюлган беттери менен кошо сүрөткө тартып алып кийин жоготуп койгонун айтты. Бир барак сакталып калган.

“Өз учурунда мен иш менен таанышканымда, үй тинтүү боюнча протокол 21-бетте эле жана тергөөчү жөнүндө маалымат жок болчу. Кийин сот башталганда протокол 80-бетке өтүп калыптыр. Биз мунун баарын иштин материалдарына Жогорку сотто тиркегенбиз, бирок азыр кайра соттук кароо башталганда ал документтерди таппай калдым”, – деди Токтакунов.

Ошондой эле соттук отурумдун жүрүшүндө сот жабырланычуулар ден-соолугуна алган жараттарын жана дарыгерлердин берген медициналык жыйынтыктарын  окуду. Андан соң прокурор Аскаров менен чогуу соттолгон жарандардын мурунку берген көрсөтмөлөрүн окууну жана эмне себептен бул соттук кайра кароодо мурунку берген көрсөтмөлөрүн өзгөрткөндүктөрүнө баа берүүлөрүн сурады.

Анда жактоочу Нурбек Тотакунов соттолгондор өздөрү ал жылдары милиция кызматкерлери басым көрсөтүп тургандыктан чындыкты айтууга мүмкүн болбогонун айтып, түшүндүрүп беришкендиктерин айтты.

Соттун мындан мурунку отурумунда Токтакунов соттон иште бир канча маанилүү документтер алардын катарында тинтүү боюнча протокол түшүнүксүз жазылганын айтып көңүл буруусун өтүнгөн. Токтанкуновдун бул айткандары менен аталган документтерди кыйынчылык менен окуган соттор да макул болушкан.

Соттук отурумдун аягында сот Аскаровдун жарыш сөз учурунда видео тасма тартууга уруксат берүүсүн өтүнгөн өтүнүчүн канааттандырды. Соттук отурумдардын жүрүшүнөн видео тасма жана сүрөткө тартуу күнөөлөп жаткан тараптын өтүнүчү менен күбөлөр суралып жатканда токтотулган эле. Андан бери тележурналисттер соттук отурумдарга катышышкан эмес.

Азаттык үнү, Бишкек

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=34785

Поделиться ссылкой: