Азимжан Аскаров: Мен ал көпүрөдө болгон эмесмин

Кезектеги соттук отурумда Азимжан Аскаров 7 милиция кызматкери эмне үчүн ага каршы көрсөтмө бергендиктерин айтып берди.

Азаттык үнү, Бишкек

Эске салсак, июнь окуясында улут аралык кастыкты козуткан, Базар-Коргон райондук акимин барымталоодо катыштыгы бар жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси бар – деген айыптар менен өмүр бою эркинен ажыртылган Азимжан Аскаровдун соту кайрадан каралууда.

Соттук иштин жүрүшүндө Аскаров 7 милиция кызматкери эмне үчүн ага каршы туура эмес маалыматты бергендигин, чынында окуя кандай болгондугун, ошол мезгилде Өзбекстандын  чек арасында эмне болгондугун жана райондук аким Артыков барымтага алынганда жана милиция кызматкери өлтүрүлгөн мезгилде кайда болгондугун айтып берди.

Азимжан Аскаров сотко Базар-Коргондун көчөлөрүнүн карталык схемасын өзү чийип ала келген. Ал жерде окуя кайсыл жерден башталып, өзүнүн үйү кай жерде жайгашкандыгы, аким өлтүрүлгөн көпүрө кайсыл тарапта экендиги, Сейдикум айылындагы чек аранын жайгашкан жерин ачык көрсөтүп берип окуянын чоо-жайын дагы да элестүү баяндады.

Алардын айткарын аткарууга мажбур болгом …

Соттук отурумдун жүрүшүндө Азимжан Аскаров алты жыл мурунку окуянын толугу менен айтып берди. Ал өз сөзүндө ушул мезгилге чейин ал чындыкты айта албагандыгын, ага карата зордук-зомбулук, коркутуу, кыйноолор дайыма болуп келгендигин ачык айтты. Буга чейин Бишкектен атайын барган комиссиялык топко да чындыкты айтууга мүмкүнчүлүк болбогон.

«Бизде милицияда ар кандай уруп, коркуутулар, кыйноолор болоорун билгеним менен мынчалык денгээлде зомбулук, кыйноо болорун билген эмесмин. Мени ичинде суу толтурулган желим бөтөлкө менен ургулашты. Мындан өткөн кордук кордук жок болсо керек» – деди Аскаров.

Аскаровдун айтымында аны укук коргоо органдары 16 – июнь эмес 15 – июнь күнү камакка алышкан. Алгачкы кармаган күнү ага Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) тегерегин жана ичин тазалоону буюрушкан. Мындан сырткары аны укук коргоо органынын каалаган кызматкерлери ур-тепкиге, кордоого алышкан.

«Керек болсо мени ушул жашымда укук коргоо кызматкеринин 10-12 жаштагы уулу тепкилеген. Мындай кордукка чыдабай мен опер кызматкерлерине мени атып салуусун өтүнгөм. Бирок алар мени узак убакытта кыйнап өлтүрүшөрүн айтышты» — деп улантты Аскаров.

Кармалгандагы биринчи күнү Базар-Коргон РИИБ кызматкерлери Аскаровдон Базар- Коргондо башы көрүнгөн колунда бар адамдардын тизмесин көрсөтүшүп, аларга карата «курал жарак таратууда» деген жалган маалымат беришин талап кылышкан. Аскаровдун айтымында, ал мындай көрсөтмө бергенден баш тарткандан кийин аны ур-тепкиге ала башташкан.

Ошондой эле Аскаров, 2010-жылдын 16- июнь күнү аны Базар-Коргон райондук прокурорунун орун басары Жамиля Туражанова суракка алганын айтты. Аскаровдун айтымында Туражанова ага жактоочу берүүдөн баш тарткан. Бир күндөн кийин келип “бир карыган чалдан күнөөсүн мойнуна алдырта албай жатасынар” деп тергөө кызматкерлерин урушуп кеткен.

“Бишкектен бул иш боюнча текшерүү комиссиясы келе жаткандыгын уккан укук коргоо кызматкерлеринин мага болгон мамилеси толугу менен өзгөрүлүп кетти”, —  деген Аскаров — Бириси тамеки алып келип берсе, экинчиси туугандар менен сүйлөшүү үчүн телефон да алып келип, мени аларга эчнерсе айтпашымды өтүнүп суранышты. Мындан сырткары Базар-Коргон РИИБсынын башчысы өзү келип «эгер сиз азыр баардыгын айтып берсеңиз мени жумуштан алып салышат, а сизди кыйноого алгандарга сөгүш жарыялап кутулушат, мен бул кызматка жаӊы эле келдим, сиздин ишиңиз боюнча мен эч кандай буйрук берген эмесмин» деди. Мен текшерүүгө келген комиссияга эч нерсе айта алган жокмун анткени мен дагы да болсо камакта болчумун», — деди Аскаров.

Иш жүзүндө болбогон барымтага алуу айыбы…

Аскаров өз сөзүндө эгер анын ордунда башка бирөө болгондо кордукка, кыйноого чыдабастыгын айтып, ага бир гана Куран китебинин жардам беригенин айтты. Ага тагылган дагы бир айып Базар-Коргон районунун акими Артыкбаевдин барымтага алуу буйругу.

Түштүк коогалаңында 2010-жылдын 12-июнь күнү Базар – Коргон районунда жашаган этникалык өзбектер үйлөрүн таштап Өзбекстандын чек арасына барышкан. Анын себеби өзбектерге кыргыз кошуналары сак болушу керектигин алдын ала эскертишкендиги болгон.

Ошол учурда Азимжан Аскаров Сейдикум айылындагы өзбек-кыргыз чек арасында Базар-Коргон районунун акими Артыкбаев менен жолуккан.

Анда Артыкбаев Аскаровдон адамдарды үйүнө кайтуусуна көндүрүүсүн суранган, бирок аким ал этникалык жарандардын коопсуздугу сакталабы дегенде эч кандай кепилдик бере албастыгын айткан. Аскаров ал жердеги жарандардын коопсуздугуна өзү да кепилдик бере албастыгын айтып чек арадан Базар-Коргонду көздөп кеткен.

“Мен дагы үй-бүлөм үчүн кабатырлангам”, — деди Аскаров.

Анын айтымында аким менен болгон сүйлөшүү 1-1,5 мүнөттөй гана болгон, анын жанында райондук мечиттин имамы да бар болгон. Бирок мурунку соттук отурумда аким жана башка 2 күбө тергөө иштерине тууралап көрсөтмө берүүгө аракеттенишкенин байкоого болот. Алардын көрсөтмөсүндө акимдин айдоочусу анын жанына келип, топтолуп турган элдин арасында акимди барымтага алуу тууралуу сөз болуп жатканын айткан. Элдер ызы-чуу салып акимден бир нерсе талап кыла баштаганда, айдоочусу машина келе жаткан тарапты көрсөтүп “тигинде облус губернатору жана прокурор, бардык суроолорду ошолорго айткыла деп аларды алактсыткан, ушул учурда аким машинага отуруп кетип калаганын айтышкан.

Өз көрсөтмөсүндө алар, ал учурда чек арада бажы кызматкерлери жок болгондугун айтышкан. Бул тууралуу Аскаров өзү чийген картадан көрсөтүп, ал учурда 12 бажы кызматкери болгондугун айтты, кийин бажы кызматкерлери да ал күнү кызмат ордунда болгондорун тастыкташкан.

Мен ал күнү көпүрөдө болгон эмесмин…

Ошол эле 12-июнь күнү Аскаровдун ишканасынын айланасына адамдар топтолуп, ишканадан 3-3,5 километр алыстыкта жайгашкан Ош-Бишкек жолунан шектүү жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар өтүп жаткандыгын кабарлашып, эл укук коргоочу катары бул окуянын чоо-жайын билип берүүсүн суранып келишкен.

“Ал машиналар биздин айылдан өтүп кетишти, биз ал машиналар ашуудан ары өтүп Жалал-Абадга кетпегендигин машиналардын фараларынан көрдүк. Демек ал машиналар биздин айылдан алыс эмес жердеги Акман айылына киришкен, ошондуктан элдер тынчсызданышкан”, — деди Аскаров.

“Мен ал адамдардын тобу менен таңкы саат 4-5ке чеийн чогуу болуп, андан соӊ мени үйүмө машина менен жеткирип коюшкан. Ошол эле күнү эрте мененки саат 9-10 чамасында мени адамдар уктап жаткан жеримден чакыртышты. Көрсө 13 – июнь күнү таңкы саат жетилер чамасында Тентексай дарясынын көпүрөсүндө массалык баш аламандык болуп жергиликтүү милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов каза болуптур. Мен аны качан гана көчөгө чыкканда уктум”,- деп кошумчалады Аскаров.

Эмне үчүн Аскаровду милиция кызматкерлери жактырбайт…?

Бул башаламандыкты уюштурууда жана милиция кызматкеринин өлүмүнө тиешеси бар деген күнөөнү Азимжан Аскаровго тагышкандыгы белгилүү. Мындай айып менен камалашына себеп анын укук коргоочулук иштери менен байланыштырууда.

Аскаров Базар-Коргон районунда адам укуктарынын бузулушу боюнча макалаларды жарыялап турган. Бул иши менен ал укук коргоо органдарынын «чыныгы жүзүн» ачкан жана алардын жазага тартылышына алып келген. Аскаров соттук отурумда адам укугу бузулган эки мисалды айтып берди.

Биринчиси, жуулуп турган 7-8 доллардык буюмду уурдаган деген шек менен кармалган, Зулхумор Тохтаназарованы укук коргоо органдары бир нече ай жыныстык катнашта болууга мажбурлашкан. Андан соӊ Зулхумордун боюна бүтүп 7 айлык болгондо милиция кызматкеринин катышуусунда колунда кишени менен төрөгөн. Төрөлгөн бала эртеси чарчап калып Токтоназарованы кайрадан абакка алып барышкан.

“Менин жарык көргөн макаламдан кийин 2000-жылы Жаманкулов менин үстүмдөн доо арыз менен сотко кайрылып анда азыркы учурдагы мага каршы чыккан 7 милиция кызматкеринин бири  Мантыбаев мага каршы көрсөтмө берген болчу. Бирок ал соттук иш менин пайдама чечилген эле”, — дейт Аскаров.

Кийинки окуя 2007–жылы укук коргоо органдары жер төлөөдөн табылган белгисиз аялдын сөөгүн мурунураак дайынсыз жоголуп изделип жаткан Майрам Заирова деп таап, бул кылмыш иши боюнча Эркиной Мамажанова жана Хусенбай Абжапаровдор кармалган. Кылмышка шектүү делинген жубайлардын бирөөсү зомбулукка чыдабай күнөөнү мойнуна алган. Ал эми экинчиси кордукка карабастан кылмышты мойнуна алган эмес.

Ал эми Азимжан Аскаров бул иш боюнча башынан жер төлөөдөн табылган аялдын сөөгү Майрам Заировага таандык эмес деген пикирин билдирген. Соттук процесске чейин өзүнүн жеке изилдөөсүнүн жыйынтыгында укук коргоочулар өлдү деп жаткан Майрам Заированы коӊшу Өзбекстан республикасына  турмушка чыгып тирүү жашап жаткан жеринен соттук процесске алып келген.

Кийин бул иш боюнча райондук укук коргоо органдарынын кызматкерлери жазага тартылган.

Мындан сырткары Аскаровдун айтымында мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана саясатчы Азимбек Бекназаров эгер 12-13- июнь күндөрү тартылган видеотасманы берсе аны камактан бошотуп алаарын айтышкан.

Ал эми жогоруда аты аталган мурдагы саясатчылар Аскаровдун көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбестигин билдиришкен.

Макаланы орус тилинде жазылган түп нускасын бул жерден окуңуз.

Азаттык үнү, Бишкек

Которгон: Гүлзада Надырбекова

Макаланын дареги:http://golos.kg/?p=34786

Шилтемени бөлүшүү: