Журналисттерди камоо боюнча эң жогорку көрсөткүч быйылкы жыл болду

Журналисттерди коргоо комитетинин иликтѳѳсүндѳ 2016-жылы дүйнө жүзү боюнча камакка алынган журналисттердин саны рекорддук чекке жеткен. Журналисттер эң көп камаган өлкөлѳрдүн сап башында Түркия турат.

Азаттык үнү, Бишкек

Аталган комитеттин баянында 2016-жылдын 1-декабрына алынган маалыматтар боюнча камакка алынган журналисттердин саны 259 кишини түзгѳн. Анын ичинде түркиялык 81 журналист камакка алынган. Түркияда 15-июлдагы аскерий төңкөрүш аракеттеринен кийин бир топ журналисттер куугунтукталып, кѳпчүлүгү камакка алынган. Алардын баарына мамлекетке каршы ишмердүүлүк жүргүзгөн деген айып тагылган.

Журналисттерди камакка алуу боюнча Туркиядан кийинки эле оорунда Кытай өлкөсү турат. Кытайда быйыл 38 журналист камакка алынган. Буга чейин 2015-жылдары журналисттерди камоо боюнча Кытай Эл Республикасы биринчи оорунда турган.

Андан кийинки тизмеде Египет, Эритрея, Эфиопия жана Орусия башка өлкөнүн жараны болгон журналисттерди абакка отургузган.

Ал эми Кыргызстанда журналисттерди камаган көрүнүштөр болбогону менен айрым журналисттерге бийлик тарабынан кысым кѳрсѳтүүлѳр тыйылбай келгенин айтып келишет.

Учурда Бишкек шаардык Биринчи-Май райондук сотунда журналист жана блогер Адиль Турдукуловдун үстүнөн доо арыз менен кайрылган президенттин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин иши каралууда. Анда Мамбеталиев соттон аброюна шек келтиргендиги үчүн журналисттен 5 миллион сом өндүрүп берүүнү сураган.

Кыргызстанда дагы башка журналисттерге басым көрсөткөн учурлардын бири журналист Дайыр Орунбековдун үстүнөн чыккан соттун чечими. Анда Дайыр Орунбеков maalymat.kg сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялап, анда июнь коогалаңына саясий баа берүү маселесин көтөргөн эле. Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке эки миллион сомдук доо коюлган. Орунбеков айып пулду аз-аздан бөлүп тѳлѳй баштаганына карабай Октябрь райондук ИИБ тарабынан сот чечимин аткаруудан баш тарткан деген  айыптын негизинде кылмыш иши козголгон.

2016-жылы дагы бир журналист Адилет Айтикеев куугунтуктоолор болуп жатканын айтып өлкөдөн чыгып кеткен. Журналист экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевден интервью алып келгенден кийин куугунтук күчөп, үй-бүлөсүнө коркунуч келип жаткандыгын айткан.

Ушул эл сапты жыл башында өлкөдөн чыгып кеткен оппозициячыл активист жана публицист Уран Ботобеков толктайт. Ал “Кабар ордо” сайтында жарыяланган маегинен улам ошол кездеги президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун арызынын негизинде сот аны 1,8 миллион сом айып пулга жыккан.

Эске салсак, дүйнөдө басма сөз эркиндигине «Репортеры без границ» байкоо салып, анда жылдык баяндамасында Кыргызстан 2016-жылы басма сөз эркиндиги боюнча 180 өлкөнүн ичинен 85-орунду камсыз кылган.

Альбина Чотбаева, Азаттык үнү, Бишкек

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=34787

Шилтемени бөлүшүү: