Азимжан Аскаровдун ишин кайра караган сот айыптоо өкүмүн чыгарды

Бүгүн, 24-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун иши боюнча чечимин угузуп, анда Базар-Коргон райондук сотунун ѳмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүндѳ калтырды.

Азаттык үнү, Бишкек

Жаңы ачылган жагдайлар боюнча 3 айдан бери Чүй облустук соту тарабынан каралып жаткан Аскаровдун иши боюнча соттун чечими чыкты. Ага ылайык Азимжан Аскаров ѳмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына өткөрүү чечими ѳзгѳртүүсүз калтырды.

Эске салсак, 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө болгон июнь окуясынан кийин Азимжан Аскаровго карата кылмыш иши козголуп, анда “улут аралык кастыкты козуткан”, “массалык баш-аламандыкты уюштурган” жана “ милиция кызматкерин ѳлтүрүүгѳ тиешеси бар” деген айыптар тагылган.

Ошол эле жылы Базар-Коргон райондук соту аны өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Аскаров менен бирге дагы жети киши сот жобуна тартылышкан. Ушул күнгө чейин соттолгон жарандар, Аскаров жана анын жактоочулары бул иш атайын уюштурулгандыгын айтып келишет.

Аскаровдун жактоочулары коргоонун бардык ички механизмдерин колдонуп бүткөн соң, БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылышкан. БУУнун адам укуктары боюнча комитети 2016-жылдын апрель айында Кыргызстанга Аскаровду токтоосуз боштондукка чыгаруу жана ага компенсация төлөп берүү сунушун берген.

БУУнун адам укуктары боюнча комитети, укук коргоочу Азимжан Аскаров кыйноолорго туш болгонун айтып, Кыргызстан бийлигин анын кайрылууларына эч кандай чара көрбөгөндүктө айыптаган. Ошондой эле комитет иликтөө учурунда Аскаровду коргоо үчүн толук мүмкүнчүлүк берилбегендигин айтып, процессуалдык нормалар бузулган деп тапкан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2016-жылдын июль айында ишти Чүй облустук сотуна жаңы ачылган жагдайлар менен кайра карап чыгууга жөнөткөн. Чүй облустук соту ишти өткөн жылдын октябрь айынан карай баштан.

Бүгүнкү соттун чечимин угуу процесси аяктаган соң Азимжан Аскаровдун коомдук жактоочусу, “Бир Дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Толекан Исмаилова, жактоо тарап мындан ары да Аскаровдун боштондукка чыгуусу үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды колдонорун айтты. Алгач жактоо тарап өз ара кеңешип Чүй облустук сотунун чечимин Жогорку инстанцияга даттануусу боюнча чечим кабыл алат. Ошондой эле ал, өлкөдө биринчи жолу мындай соттук кароо болгондугун баса белгиледи.

“Кыргызстанда эч качан соттук коллегия эки жумага кеңешүү залына кеткен эмес. Бул акылга сыйбаган нерсе […] бүгүнкү соттун чечими бардык Кыргызстан жарандары үчүн коркунучтуу…”, — деди Исмаилова.

Улуттук мыйзамга ылайык Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы кабыл алынган чечимди угузуу болгонго чейин кеңешүү залынан чыкпоосу керек эле.

Исмаилова, кыргыз бийлиги “чөнтөк соттор” аркылуу чечим чыгартып өз иштерин жашырып жаткандыгын айтты. Азимжан Аскаров эң башынан бери эле мыйзамсыз кармалып, кыйноого туш болгондугу баарына белгилүү экендигин белгиледи.

“Соттун чечими улутка карап дискриминациялык мүнөздөгү чечим болду”, — деп кошумчалады ал.

Кыргызстандагы кыйноолорго каршы күрөшүү коалициясынын төрагасы Сардар Багишбеков соттон акыркы мүнөткө чейин башкача чечим болоруна жана мамлекет БУУнун чечимин эске алып ага көңүл бөлөт деп үмүттөнгөнүн айтты.

“Биз соттун чечимине нааразыбыз, сот Аскаровго тагылган айыптарды кайра карап чыгат деп үмүт кылганбыз. Чыккан чечим менен мамлекет өзүнүн эл аралык милдеттерин аткарууга даяр эмес экендигин далилдеди. Мындай чечим алдын ала кабыл алынганын, ал эми кабыл алынган соттук жаза укуктук эмес саясий экендигин көрсөттү”, — деди Багишбеков.

Соттун чечимин угузуу аяктаган соң Аскаров мөөнөтсүз ачкачылык жарыялай тургандыгын айтып үлгүрдү.

Азаттык үнү, Бишкек

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=35183

Шилтемени бөлүшүү: