Кыйноодон жабыркаган жаранды соттук отурумга мажбурлап алып келишет

Кыйноого туш болгон жабырлануучулардын бири Нариман Чоноевдин сотко келбей калгандыгынан улам соттук отурумдар жылдырылып келген. Сот кийинки отурумга аны мажбурлоо жолу менен алып келүү чечимин берди.

Азаттык үнү, Бишкек

Чүй облусунун Москва райондук соту милиция кызматкерлерине карата “Кыйноо” беренеси менен козголгон кылмыш ишин карап баштады. Ишти алгач Аламүдүн райондук соту карап жаткан.

Эске салсак, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Бегзат Тажибаев, Таалай Иманалиев жана Изат Масиркуловдорго жабырлануучулар Абдусамат Мусабаев, Саринжи Манапбек уулу жана Нариман Чоноевдерди кыйноого алышкан деген айып тагылууда.

Акыркы 18 январ күнгө белгиленген соттук процесс кыйноого туш болгон жабырлануучулардын бири Нариман Чоноевдин соттук отурумга келбегендигине байланыштуу жылдырылган.

Анда жабырлануучу тарап Чоноевге карата соттолуучулар тарабынан басым болуп жаткандыктан, ал соттук отурумга келип көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатышы мүмкүн деген пикирлерин билдиришкен.

Кезектеги соттук отурум 28 январда болуп, анда жактоочулар Арман Кыйгарбаева жана Мунарбек Супатаевдер Чоноевди соттук отурумга мажбурлап алып келүү өтүнүчүн келтиришти. Сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырды.

Ошондой эле жактоочу Мунарбек Супатаев жабырлануучулардын бири Саринжи Манапбек уулу суроолорго жооп берип жатып коркуп жатканын жана ага карата болгон коркутууларды түзүктөп айтып бере албай жатканы байкалып турганын айтып, үчүнчү жабырлануучунун сотко келбей жаткандыгына себеп, ага да кысым болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

“Эгер ушундай улана берсе, айыпталып жаткан тараптын боштондукта жүргөндүгү болбойт”, — деди жактоочу Супатаев.

Жабырлануучу Абдусамат Мусабаевдин апасы Мехриай Мусабаеванын айтымында үчүнчү жабырлануучуга карата коркутуулар болуп жаткандыктан, ал айыпталуучуларга каршы кѳрсѳтмѳ бербей тургандыгын айткан.

Ошондой эле Мехриай Мусабаева Чоноев менен телефон аркылуу сотко келүүсүн суранып сүйлөшкөндө, ал сотто эки айыпталуучу тууралуу гана айта аларын, ал эми үчүнчү айыпталуучу Таалай Иманалиев жѳнүндѳ эч нерсе айта албастыгын айткан.

“Себеби Таалай менден суранып жатат дегенде мен макул кандай кѳрсѳтмѳ берсең да кийинки отурумга кел деп сурангам. Макул болгон. Эми кече балдар анын агасы менен суйлѳшсѳ, мындан ары таптакыр кѳрсѳтмѳсүн ѳзгѳртүп, айыпталуучулардын эч кимиси жѳнүндѳ эч нерсе айтпай тургандыгын айтыптыр”, — дейт Мехриай Мусабаева.

Мусабаеванын айтымында, айып тагылып жаткан Москва райондук ИИБ кызматкерлери аны мындан кийинки жашоосу тууралуу ойлонорун айтып, сот аларды камакка алуу чечимин чыгарган күндө да алар бир жолун таап чыгып кете тургандарын айтышкан.

Жабырлануучулардын соттук отурумда берген көрсөтмөлөрү

Жабырлануучу Абдусамат Мусабаевдин айтымында, милиция кызматкерлери аны кыйнап уурлукту моюндатууга аракет жасашкан. Таалай Иманалиев буйрук берип башкарып турган. Ага желим баштык кийгизип кыйноого алышкан.

“Экинчи жолу желим баштык кийгизишкенде, мен каршылык көрсөткөнүмдү токтоткон жокмун. […] алар баштыкты чечкенде мага Изат келип кагаздарды берди. Анда ал мен Сокулук районунда алтын шакек уурдаганымды айтты. Мен билбейм эс-учумду жоготтум, ойгондо бар жогумду тер басып кетиптир. Мен эч кандай иш кылбаганымды айтып, эч кандай кагазга кол койгон эмесмин”, — деп соттун суроолоруна жооп берди Абдусамат.

Абдусаматтын айтымында Москва райондук милиция бөлүмүндө айыпталып жаткан үч кызматкерлерден башка дагы шаттык жана штаттан тыш кызматкерлер болгон. Ал өзүнө келген соң штаттан тыш кызматкерлердин бири анын колдоруна гезит ороп анын үстүнөн кол кишендерин кийгизгенин айтат.

“Менин колдорума гезит ороп, кишен кийгизип полго жаткырып кыйноо уланды. Ал Изат болчу. […] а Масиркулов болсо мага кагаздарды бергенде алаканы менен чапкылаган. Кыйноо түнкү саат үчкө чейин созулган”, — деди Мусабаев.

Жактоочу Супатаевдин канча жолу баштык кийгизишти деген суроосуна Мусабаев баштыкты көп жолу кийгизгенин, ал арада ал төрт жолу эс-учун жоготконун айтты.

“… мен “лампочканын” күйгөнүн гана көрүп калдым. Андан сырткары гезиттерди колдорума ороп отургучтан катуу бир нерсе алып, аны менен менин колдорума урушту”, — деди ал.

Ал эми экинчи жабырлануучу Саринжи Манапбек уулу аны эч кандай эскертүүсүз эле машинага Бегзат жана Изат аттуу кызматкерлер мажбурлап салып, милиция бөлүмүнө алып келишкенин айтты.

Саринжи Манапбек уулун ИИБга алып келишип экинчи кабатта Таалай Иманалиевдин бөлмөсүндө Чүй облусунун Сокулук районунда болгон уурулук фактылары боюча сурак кылган.

“Ал мага [Таалай Иманалиев] өз каалом менен макул болушумду, болбосо баарибир кыйноо жолу менен макул болууга аргасыз болорумду айтты. Мен жок дедим, кийин Бегзат мени дубалга каратып алакандары менен уруп баштады. Изат менин тамандарыма ура баштады. Таалай болсо менин колума гезит ороп, башыма желим баштык кийгизип кыйнады. Башкалары кармап турду”, — деп соттун суроолоруна жооп берди Саринжи.

Манапбек уулунун айтымында кыйноо үч саатка созулган. Ал эс-учун жоготуп баштаганда ага Таалай Иманалиев “наташыр спиртин” жыттатып өзүнө келтирген. Саринжинин уурулук ишин моюндоого аргасыз болгон.

Ошондой эле ал кыйноо болгон түнү ага прокурор келгенин жана анын денесиндеги тактарды көрүп уурулук жасабаган болсо эч бир кагазга кол койбоосун айткан. Ал эми Саринжиге берилген Автандил аттуу жактоочу милиция кызматкерлери берген кагаздарга кол кое беришин кийин өзү баарын ордуна келтирерин убадалаган.

Бүгункү күндө Манапбек уулунун ден-соолугу жакшы эмес. Кыйноо болгондон кийин ал эч кандай дарылоо курсунан өткөн эмес. Учурда башы, жүрөгү жана бөйрөгү ооруп уйкусуздугу бар.

Эске салсак, кыйноодон соң Абдусамат Мусабаев “Голос свободы” коомдук фондуна караштуу реабилитациялык программанын алкагында даарыланып жаткан. Ушул эле программа менен Манапбек уулун да дарылоо пландалып жатканын кабарлады Индира Саутова, Кыргызстандагы кыйноолорго каршы күрөшүү коалициясынан.

Ошондой эле Саутованын айтымында, мындан аркы соттук отурумдарга жактоочулар өздөрү гана келүү чечимин кабыл алышкан. Мындай чечимге жактоо тарап балдарга көрсөтүлүп жаткан түз жана кыйыр басымдардан улам келишкен.

Альбина Чотбаева, Азаттык үнү, Бишкек

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=35266

Шилтемени бөлүшүү: