Суицидби же киши колдуу өлүмбү? Бул суроого үч тергөөчү сегиз жолу суицид, деп жооп берген

Бирок Нарын облусундагы жергиликтүү кеңештин депутаты Султанбек Чоюбековдун туугандары аны киши колдуу болуп өлгөн деп эсептешет.

Азаттык үнү, Бишкек

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Нарын облусунун прокурору Салиевге кат жолдоп, анда Чоюбековдун иши боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан тергөөчулөр негизсиз кылмыш ишин козгоодон баш тарткандыктарын белгилеп, Ак-Талаа райондук прокуратурсынын прокурорлорун ишти жетиштүү деңгээлде көзөмөлгө албагандыгы үчүн тартиптик жазага тартууну айткан. Ошондой эле ишти тергөөнү башка тажрыйбалуу тергөөчүгө өткөрүп берүү сунушу каралган.

Эксперт эмнеге калп айтты?

Ак-Терек районунун тургуну, Терек айылдык кеңешинин депутаты 48 жаштагы Султанбек Чоюбековдун жипке асылган денеси 2015-жылдын 12-августунда айыл четиндеги эч ким жашабаган үйдүн мал сарайында табылган.

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү Чоюбеков өз жанына кол салган, бул окуяда кылмыштын курамы жок деп жыйынтык чыгарып, кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Бирок маркумдун туугандары Чоюбеков өзүн-өзү асып алышы мүмкүн эмес, ал киши колдуу болуп каза болгон деп эсептешет. Бирок алар эки жылдан бери бул факт боюнча кылмыш ишин козгото албай келишет.

Биринчи өткөрүлгөн соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна макул болбогон Чоюбековтор кайра экспертиза үчүн эксгумация жасатышат. Республикалык соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча Султанбек Чоюбековдун тил астындагы сөөк катуу басымдан улам сынып кеткен.

Эксперттердин айтымында, бир канча жолку катуу нерсе менен болгон соккудан улам дененин айрым жерлеринде кан уюлар пайда болгон. Жыйынтыгында эксперттик топ Чоюбеков моюн бүчүлүгүнө катуу болгон басымдан улам каза болгон деген корутундуга келген.

Адвокат Орозобек Мадинов

Бул иште маркум Чоюбековдун туугандарынын кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Орозобек Мадиновдун айтымында, Ак-Талаа РИИБсынын тергөөчүсү Гүлбарчын Болотова 5 жолу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомун чыгарган. Ал эми Нарын облустук ИИБсынын тергөөчүсү А. Калиева 2 жолу, ал эми ошол эле ОИИБнын башка тергөөчүсү Касымалиева тарабынан 1 жолу кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Адвокат Мадиновдун айтымында КРнын Ички иштер министрлигине караштуу Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкери иште кылмыштын курамы бар экендигин моюндаган, бирок кылмыш ишин козгогон учурда тергөөчүлөр жабыркап каларын айткан.

“Бизге маалымат жетип келди, эгер кылмыш иши козголуп кетсе, үч тергөөчүнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөөчүлөрдүн тагдыры эмне болот деп айтыптыр. Ошондон кийин биз түшүнүп калдык, демек ал Чоюбековдун иши эмес өзүнүн тергөөчүлөрүнүн кызыкчылыгын коргоп жатат экен деп”, — дейт Мадинов.

Ак-Талаа райондук жана Нарын шаардык соттору тергөөчүлөрдүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимдерин негизсиз деп таап, кетирилген катачылыктар жоюлсун деген чечимдерин чыгарган. Бирок жактоочу Орозобек Мадиновдун айтымында, соттун эки чечими тең аткарылбай кайра эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимдери кабыл алынып келет.

Кандай себепке негизделип кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтому чыкканын адвокат жана маркумдун жакындары билишпейт – алар бул токтомдордун көчүрмөлөрүн алышкан эмес.

“КРнын Кылмыш Жаза процессуалдык Кодексинде көрсөтүлгөндөй, ал токтомдорду бизге бериш керек болчу, бирок биз ушул күнгө чейин ала албай келебиз. Ошол себептен кандай негиз менен кылмыш ишин козгоодон баш тартып жатышканын биз билбейбиз”, — дейт адвокат Мадинов.

Тергөөчүлөрдун бири Калиева бул иш боюнча телефон аркылуу комментарий берүүдөн баш тартса, башка тергөөчү Болотова эки жыл өтүп кеткендигин айтып, экспертиза боюнча сурообузга так жооп бере алган жок.

Маркум Султанбек Чоюбековдун өлүмү боюнча анын жакындары эки кылмыш ишин козгоону сурап келишет. Биринчиси анын өлүмү киши колдуу болгондугу боюнча, экинчиси маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза жасаган Нарын облустук соттук-медициналык эксперттик бюросунун адиси Бакыт Жумалиевдин жалган эксперттик корутунду бергендиги үчүн ага карата кылмыш ишин козгоо.

Маркумдун карындашы Майрам Чоюбекова

Чоюбековдун карындашы Майрам Чоюбекованын айтымында, маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза жасалган кезде эксперт Бакыт Жумалиев анын жакындарын процесске катыштырган эмес, бирок эксперт менен тергөөчү Болотова чогуу болгон.

Жумалиев өз корутундусунда жана сотто берген көрсөтмөсүндө Чоюбековдун баш сөөгүн, ачып мээни изилдегенин жана бир бөйрөгү ички органдары менен бирге соттук-гистологиялык изилдөөгө жибергенин көрсөткөн.

Бирок Чоюбековдун жакындары анын эксперттик корутунудусу менен макул болбой кайра соттук-медициналык экспертиза дайындоону талап кылып, тергөөчү Гүлбарчын Болотова кайра соттук-медициналык экспертиза жана маркумдун денесин эксгумациялоого токтом чыгарат. Экинчи соттук-медициналык экспертизаны республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунан келген эксперттик топ жургүзүп, Жумалиев көрсөткөндөй маркумдун башы сөөгү жана моюну ачылбаганын аныктаган. Эксперттик топ оң бөйрөгү соттук-гистологиялык изилдөөгө чирип бараткан кезде алынганын жана андай абалда айрым пайда болуп жаткан суроолорго жооп табуу болбогондугун көрсөткөн.

Эксперт Жумалиев Нарын шаардык сотунун отурумунда өз күнөөсүн моюндаган жана ал үчүн  сөгүш алган. Бирок Нарын облустук прокуратурасынын прокурору К. Асанов Жумалиевге карата кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомун чыгарган. Нарын шаардык соту бул токтомду негизсиз деп таап, кетирилген кемчиликтерди жоюу чечимин берген.

Адвокат Мадинов учурда тергөөчүлөргө карата кылмыш ишин козгоо үчүн криминалдык-экспертиза дайындоону талап кылып, бирок жыйынтык чыкпай келет.

Султан Чоюбеков ким жана анын өлүмү кимге керек?

Майрам Чоюбекова агасы Султан Чоюбековдун өлүмүнүн артында кандайдыр бир күчтөр турганан шек санайт. Жергиликтүү Терек айылдык кеңешине шайланган депутаттарды айрым документтерге кол койдуруп жүргөн кезде Чоюбеков кол коюудан баш тартып урушуп калган кездерин карындашына айткан учурлары болгон.

Маркум Султанбек Чоюбеков депутат катары коллегаларынын иштерине нараазы болуп жүргөн дешет

“Бир кезде агам айылда тендерди (мектеп, оорукана ремонттору ж.б.) туура эмес өткөрүп жатат деп айтып калган. Мен аны урушуп койчумун, “койчу сага эмне, ар ким өзүн билгендей жашасын” деп. Агам, “мен антикоррупция кызматына бармакмын, биздин Теректи (Терек айылын) териштирип берсе жакшы болот эле. Себеби көмүскө оокатты көп кылышат экен”, деп айткан болчу”, — дейт Майрам Чоюбекова.

Анын айтымында Султанбек Чоюбековдун өлүмү жергиликтүү Терек айылдык кеңешинин төрайымы Жылдыз Ажиева жана айылдык кеңештин башкы эсепчиси Орозбү Ажымамбетовалар биргеликте уюштурушкан. Чоюбековдун жакындары анын өлүмүндө жалпысынан 5 эркек жана 2 аял кишиден күмөн санап жатышат.

Чоюбеков каза болгон күнү Жылдыз Ажиева Чоюбековдун жубайы Рысбүбү Кадыржановага телефон чалып үйүнө чакырып, аябай тынчсызданган абалда Султанбекти чаап жибергенин айтып, ал өзүн-өзү муунтуп алардан мурда короолорду карап таап алуусун суранган. Султанды чаап жибергенин себебин Ажиева анын кызына тийишкендиги менен түшүндүргөн.

Айылдык кеңештин төрайымы Жылдыз Ажиева өзүнө коюлуп жаткан айыптоолордү тогүндөп, чынында да маркум анын 6-класста окуган кызына карата сексуалдык амалдар жасаганга аракет кылган деп күнөөлөөдо.

“Ал кызымды өпкүлөп, мени менен жатсаң көп акча берем, — деп айткан. — Кызым аябай коркуп кеткен. Ошондо кайненем аны таяк менен чаап жиберген. Мен аялдар кеңешинин төрайымы да болгонум учун эл арасында сөз болбосун деп унчуккан эмесмин”, — дейт Ажиева.

Чоюбековдун өлүмүндө эч ким күнөөлүү эмес деп эсептеген Жылдыз Ажиева, маркумдун 2008-12 жылдарда гана депутат болгонун, депутат катары да активдүү иштеген эместигин айтат.

“Султанбек буга чейин да 4 жолу өзүнүн жанын кыйганга аракет жасаган, биринде аны туугандары сактап калса, биринде досу куткарып калган дешет. Эки жылдан бери алар бизди ушундай күнөөлөп келишет. Эми мен да карап турбаймын, адвокат жалдап аларды сотко берүүнү чечтим”, — дейт Ажиева.

Маркумдун артынан жубайы менен 6 баласы калган.

Бул ишти Кыргыз Респубикасынын акыйкатчысы (омбудсмен) Кубат Оторбаев жеке көзөмөлүнө алган.

Азаттык үнү, Бишкек

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=35431&lang=kg

Шилтемени бөлүшүү: