Бишкекте жумуш издеп жүргөн жарандарга бош иш орундар жарманкеси өткөрүлдү

Бош жумуш орундар жарманкесине ар кандай тармактагы иш берүүчүлөр жалпы эсеп менен 4000ге жакын бош жумуш орундарын сунуштап келишти.

Азаттык үнү, Бишкек

Аталган иш чара 31 март күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Кыргыз-Орус Славян университети (КОСУ) менен биргеликте уюштурулду.

Иш издеп келген Бишкек шаарынын тургуну Назгуль окууну бүткөнүнө көп убакыт өткөнүнө карабай иштеген иши жок. Ал бүгүн жарманкеге иш издеп келген.

«Менин кесибим менеджер. Окууну бүткөнүмө көп убакыт өттү. Бирок өзүмө ылайыктуу жумуш таба албай келгем. Бүгүнкү жарманкеде мен үчүн жолдор ачылды» — дейт Назгүл.

«SAIMA – TELEKOM» ишканасы бул жарманкеде алгачкы жолу катышып жатат. Бул ишкана студенттер үчүн сабактын бош убакыттарында келип иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ишкана өкүлү Асель Исмаилованын айтымында, мындай жарманкелердин өтүүсү аябай жакшы. Себеби иш берүүчүлөр студенттерге алардын окуудан тыш убакыттарына ылайык болгон иш орундарын сунуштай алышат. Ошондой эле иш берүүчүлөр үчүн да иш орундарына ылайыктуу кадрларды таба алышат.

“Жарманкеде резюмелерин берген жарандар аз болду, негизинен студенттер болду. Алар негизинен сабактан тыш убактардагы иш графиктери менен кызыгышты. Азыр бизде 5 иш орун бар. Бир эле иш орунуна бир канча киши талап кылынат”, — деди Исамилова.

Иш табуу максатында келген жарандар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыктуу жумушту столдон столго өтүп, иш берүүчүлөр менен кеңешип жатышты.

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын  жетекчисинин орун басары Майрам Мамбетованын айтымында иш орундарын жарманкелеген иш-чараларды өткөрүп керек, себеби жумушсуз жүргөн жарандардын саны көп.

«Бүгүнкү жарманке жумуш берүүчүлөр менен иш издеген жарандарга түздөн-түз көпүрө», — деп белгиледи Мамбетова.

Жарманкеде 20дан ашык ишканалар өз иш орундарын сунуштап келишти. Анда «ШОРО» ЖАК, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук билим берүү борбору, «Хаятт Ридженси» мейманканасы, Бишкек парк соода борбору, Бета Сторес соода борбору, Олимпиядалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жана башка ишканалар иш издегендер үчүн эшиктерин ачышты.

Иш орундарын сунуш кылып келген иш берүүчүлөрдөн сырткары убактылуу жумушсуз жүргөн жарандар үчүн чакан насыя берүү агенттиги да өз сунушу менен келген.

«Биз жумушсуз жараандарга 30 миң сомдон жылдык 10% пайыз менен микрокредиттерди беребиз. Негизинен биздин талап жарандар райондук каттоодо болушу зарыл жана арыздары менен бизге кайрылса 10 күн ичинде кредиттерди бере алабыз»- деди микрокредиттер компаниясынын өкүлү Элзат Саяк кызы.

Аталган жарманкеге Бишкек шаардык башкармалыгынын калкты ишке орноштуруу көчмө кызматы жана КРнын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору да уюмдардын катарын толуктады.

«Биздин максат КР жарандарын жакшы жумуш орундары менен камсыз кылуу. Ошондуктан биз жумушчуларга чет өлкөлөрдө Корея , Турция, Дубай жана башка мамлекеттерде айлык маянасы көп болгон иштерде иштөөгө жол ачып жатабыз» — деп билдирди аталган уюмдун маалыматтык кеңешчиси Шамуратов Ырысбек.

Айдар Майрамбек уулу, Азаттык  үнү, Бишкек

Макаланын автору Бишкек гуманитардык университенин студенти.

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=35651

Шилтемени бөлүшүү: