Төрт милиция кызматкери мамлекеттин пайдасына 8 миллион сом айып пул төгүшөт

Мындай чечим укук коргоо кызматкерлери кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап пайдалангандыктары үчүн чыкты жана алар кызматтарынан да четтетилишти.  

Азаттык үнү, Бишкек

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2017 — жылдын 11-апрелинде, 27 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Эрмат Алмаз уулунун арызынын негизинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери Акболуш Каныбек уулу, Таалай Өзтемиров, Бактияр Кудайбердиев жана Бактыбек Эркебаевдерди Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаабуу” (305-берене) беренеси менен айыптуу деп тапты жана ар бирин мамлекеттин пайдасына 2 миллион сомдон айып пул төгүү чечимин чыгарды. Ошондой эле соттун чечими менен соттолгон милиция кызматкерлери ээлеген кызматтарынан ажыратылган. Бул тууралуу “Кылым Шамы” адам укугун коргоо борборунан кабарлашты.

Жактоочу Динара Медетованын айтымында, эми мурунку милиция кызматкерлери кайра иш орундарына кайтуу укугун да жоготушту.

“Аларга карата күнөөлүү деп табылган соттун чечими бар болгондуктан, алар кайра иш орундарына кайта алышбайт”, — деди жактоочу Медетова.

Ошондой эле Медетова жабырлануучу тарапта моралдык жана материалдык зыянды өндөрүү үчүн сотко жарандык тартип менен кайрылууга мүмкүнчүлүк жаралганын айтты.

“Азыр бизде жарандык тартип менен сотко материалдык жана моралдык зыянды өндүрүү үчүн кайрылууга мүмкүнчүлүк бар, себеби сот соттолуучуларды күнөлүү деп тапты”, — дейт Медетова.

Эске салсак, 2013-жылдын 22 мартында Бишкек шаарынын тургуна Эрмат Алмаз уулунун үйүнө бейтааныш жарандар келип, аны алып чыгып кетишкен. Алар Эрматты Свердлов райондук № 9 милиция бөлүмүнө алып барып, өзү иштеген унаа жуучу жайдан 3200 сом урдаагандыгын моюндоону айтып, ур-тепкиге алышкан. Ур-тепкиден жабыркаган Эрмат Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга жаткырылып, анда ага баш мээ жана оң бөйрөк жабыркаган деген диагноз коюлган.

Алмаз уулу кыйноо болгондугун айтып прокуратура органына кайрылып, жыйынтыгында 2013-жылдын апрель айында “Кыйноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми Эрматтын апасы Кайыр Жээринчиеванын айтымында, тергөө иштеринин жүрүшүндө анын үйүнө бейтааныш кишилер келип ар кандай басым көрсөтүүлөр болгон.

Мындай чечим 2015-жылдын Бишкек шаарына караштуу Свердлов райондук соту тарабынан да чыккан, бирок жабырлануучу тарап соттолуучуларга карата жазаны күчөөтүү максатында соттун чечимин аппеляциялык тартипте Бишкек шаардык сотуна даттанышкан. Бишкек шаардык соту милиция кызматкерлерин күнөөсүз деп тапкан. Бирок Эрмат Алмаз уулунун апасы Кайыр Жээринчиева соттун чечими менен макул болбой Жогорку сотко кайрылган.

Азаттык үнү, Бишкек

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=35709

Шилтемени бөлүшүү: