Эч ким, эч качан унутулбайт

Мындан туура 72 жыл мурун 9-май күнү бүткүл Cоветтер Cоюзунун курамына кирген мамлекеттер үчүн эң унутулгус күн жарыяланган. 

Азаттык үнү, Бишкек

Улуу Жеңиш майрамы Кыргызстандын бардык аймактарында белгиленип жатат. Дээрлик төрт жылга күнгө созулган бул каргашалуу согуштагы жеңиш көптөгөн инсандардын жакындарын алды. Биздин өлкөдөн да үч жүз миңден ашык жоокерлер менен офицерлер майданга аттанган. Алардын ичинен токсон беш миң мекендешибиз майдандан кайтпай калган. Кан кечип, азыркы тынчтыкты орнотуу үчүн жанын садага чапкан биздин ата-бабаларыбыздын эмгегин эч качан унутулбайт.

Жеңиштин 72-жазын тосуп жаткан жалпы ардагерлерди жана мекендештерибизди Улуу Жеңиш күнү менен чын дилибиз менен куттуктайбыз!

Майрам күндү утурлай Бишкек гуманитардык университетинин жаш журналисттер клубу “Азаттык үнү” сайтынын колдоосу менен “Эч ким, эч качан унутулбайт” аттуу акциясын баштаган. Анда өлкө жарандары, атактуу ырчылар 9-майга карата согуш ардагерлерин Жеңиш майрамы менен куттукташкан.

Азаттык үнү, Бишкек

Макаланын дареги: http://golos.kg/?p=35834

Шилтемени бөлүшүү: